Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жаңы электрондук компьютердик китепкана окуу залы ачылды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Бүгүн, 11-февралда анын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Электрондук китепкананын кызыл тасмасын салтанатына өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, аймактык башкаруу академиясынын академиги Кантөрө Токтоматов, ОшМУнун профессору, тарых илимдеринин кандидаты Жумалы Адилбаев жана окуу жайынын мугалимдери менен студенттери катышты.
Жаңыдан ачылган электрондук китепканага 40 компьютер коюлуп, алардын баары ылдам интернет түйүнүнө туташтырылган.
– Заманбап электрондук китепкананын ачылышы Экономика жана ишкердик университети үчүн ири жетишкендик. Мунун баары студенттер үчүн жасалып жатат. Азыркы учурда бул окуу жайынан ийгиликтүү аякташкан жүздөгөн бүтүрүүчүлөр республикабыздын аймагындап гана эмес жакынкы СНГ менен алыскы чет өлкөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип жатышат,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.
Окуу жайында эң мыкты окуган 20 студентке окуу жайынын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, аймактык башкаруу академиясынын академиги Кантөрө Токтоматовдун буйругу менен окууга болгон контрактык төлөмүн 25 пайызга арзандаткан Сертификаттар тапшырылды. Мындай саамалык өз кезегинде студенттерди алга сүрөп, мындан да мыкты билим алууга чакырат.
-Учурда биздин окуу жайыбызда 3815 студенттер 14 адистик боюнча терең билим алып жатышат. Бизде 17 мамлекеттен келишкен студенттер билим алышууда. Студенттерге татыктуу билим берүүдө 145 мугалимдер эмгектенип жатышат. Бүгүн биздин окуу жайыбызда 40 компьютер коюлган жаңы электрондук китепкана ачылды. Алдыда дагы 2 ушундай эле сандагы компьютерлер коюлган электрондук китепкана ачылат,- деди Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин 1-чи проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдулбает Мамасадыков
Аталаган окуу жайынын китепканасынын жалпы фондусу 90 миң даана китепти түзөт.
Жолдошбай Осмонов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ