Menu

Бүгүн Атамбаев мамлекеттик маалымат саясатынын концепсиясын иштеп чыгууну тапшырып жаткандар кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон

Бөлүшүү:

Жаратылышта нечендеген түстөр бар сыяктуу, адамдардын ой сезимдеринде да түрдүү пикирлер болот. Массалык маалымат каражаттарынын негизги милдети ошол ой-пикирлерди элге жеткирүү. Ошон үчүн гезиттердин бири кимдир бирөөнүн айыбын ачса, дагы бири мактайт. Бу жарыкта телегейи тегиз адам жок.

А бизде (көпчүлүк учурда) кандайдыр бир сын көз караштагы макала жарыяланып калса, кээ бир чиновниктерибиз атасынын кеги бардан бетер колдорунан келген “жакшылыктарын” мөндүрдөй жаадырышат. Бийигирээк жерде отургандары бийлигинин күчүнө салып, соттордун “сок билеги” менен жүдөтө баштайт, өжөр фактыга таянып, “эки жерде эки төрт” экенин айтып жатсаң да. ММК туурасында мындай бир жакшы сөз бар: “Басма сөзгө таарынган саясатчы, деңиздеги толкунга таарынган капитанга барабар” деген. Андай “таарынчактар”, болгондо да бийликтин бийик мунарасында отурган, өздөрүнүн ар-намысын коргоого келгенде өгүздөй күчтөрү барлар өтө эле көп. “Эл башкаргандар ийгиликке эмне менен жетүүгө болот?” деп улуу Али-Абу-Ибн-Синадан шакирти сураптыр. Анда, орто кылымдагы перс окумуштуусу минтип жооп берген экен: “Адилетүүлүк жана чындык менен” деп.

Жакында КР президенти А.Атамбаев ушул жылдын 1-июнуна чейин “мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясын” даярдоо милдетин өзүнүн администрациясына буюрду. Ошентип, “өлкөдөгү маалыматтык коопсуздук” деген ойго басым жасоо менен бул долбоор старт алды. Мүчөлөрү 16 кишиден турат экен. Жетекчиси президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов. Болочоктогу “концепциянын” эки орун басарларынын бири — өкмөттүн маалымат саясат бөлүмүн тейлеген Назира Ахмедова, экинчиси — маданият, туризм жана маалымат министрлигинин орун басары Айнура Темирбекова, арасында транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Улуттук банктын расмий өкүлү да жүрөт. Президенттик аппарат башчысынын акыл кошчусу Султан Жумагулов, КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков, “Мир” ТВсынын филиалынын директору, “Кабар” маалымат агентствосунун директору, коргоо кеңешинин сератариатынын инспектору, кыскасы, концепцияны түзүүчүлөрдүн дээрлиги мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүнөн түптөлүптүр. Ырас, “концепция” деп латын тилинен алынган бул сөз жакшы ниеттеги эле түшүнүктү билдирет, “түшүнүү”, “идея” деген сыяктуу. Бирок, көпчүлүк түшүнө албай жаткан нерсе — маалымат жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин эмне үчүн көз карандысыз эркин басылмалардын бир да өкүлү жок ал жерде? Же айрым эксперттер айтып жаткандай бул “концепциянын” максаты чындап эле эркин басма сөздү кысымга алуу, муунтуу деген аракетпи? Негедир алардын “арканды алыска ыргыткан” табышмактуу максаты К.Бакиев доорундагы түзүлгөн ЦАРИИнин секретариатынан айырмасы жоктой туюлуп кетет. Аты эле башкача болбосо… Баса, анда да жыл жаңыраары менен (январдын аягы, февралдын башы, президенттик шайлоо өтөөрүнө бир жылга жетпеген убакыт калган мезгил, 2009-жыл). Максим Бакиевдин идеологдорунун сунуштары менен андагы президент өзүнө жаңы секретариат түзүп, башына О.Малеванаяны алып келген. Адегенде жупуну эле көрүнгөнү менен ириде президенттин алдындагы пресс-катчылык жоюлуп, “саканы” каалагандай өлчөш үчүн секретариаттын укуругу да узун, укугу да көп экендиги көп өтпөй билинген. Тактап айтканда, аталган секретариат бийлик бутактарынын дээрлик баардыгынан маалымат алганга укуктары каралган. Өтө жашыруун делген маалыматтарды да алган укукка ээ болчу. Кыскасы, баардык мамлекеттик башкаруу системасынан каалагандай маалыматтар менен камсыз болуп турган. Демек, ошондой эбегейсиз үлкөн маалыматка ээ болуу кимдир бирөөгө абдан зарыл болгон белем? Аны менен эле тим болбой президенттин алдындагы стратегиялык жана баалоо институтун контролдоо жана көзөмөлдөөнүн “эки тизгин, бир чылбырын” да өз колдоруна алган секретариат. Анан алар январдын аягында андагы мамлекет башчысына чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, кимисинин акылы менен экенин билбейм, К.Бакиев ошол жолугушууга келгендерге: “Улут катары биз кимбиз?” деген суроону койгон. Кудая тобо, кудум таланттуу режиссер Э.Рязановдун каарманы башка шаарга, так өзүндөй типтеги үйгө, өзүнүкүндөй батирге барып калган “Ирония судьбы или с легким паром” деген тасмасындай эле, бүгүнкү болуп жаткан ушул окуялардын ошол көркөм тасмадагы эпизоддордой болуп, далма-дал келүүсүн карасаң. Биринчиден, биз кеп кылып жаткан “мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясы” да ошол К.Бакиевдин секретариатындай президенттик шайлоого бир жылдын тегерегиндеги убакыт калганда жарык дүйнөгө келмек болду. Экинчиден, Алмазбек Атамбаев түпкүлүгүндө Курманбек Бакиевге окшобосо дагы, “улут катары биз кимбиз?” дегендей, ал дагы январдын аягында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “улуттук маданиятты сактоо боюнча” чыгармачыл чөйрөнүн мыкты өкүлдөрүн чакырып, кеңеш курду (албетте, ал кеңеште айып жок, болгону өткөн чак менен учур чактын бир маалга дал келип жатканын айтканым). Үчүнчүдөн, бүгүнкү “жаңы концепцияны жаратабыз” деп жаткандардын айрымдары, кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон. Мисалы, Илим Карыпбеков, Султан Жумагулов “сыяктуулар” андагы секретариаттын түзүүчүлөрү да, активдүү мүчөлөрүнөн да болуп саналган. Алардын “идеясы” менен азыркы бийликтегилер ал учурда ошол система менен күрөшүп жүргөн кезде жана аларга чын ниети менен жан тарткан басылмаларга аёсуз чабуул жасалып турган. Мындайлар кайсы бийлик болсо да, “эптеп учкашып алайын” деген принципте жашайбы же өздөрүн ушунчалык акылдуу сезеби, билбейм, жакында эле “Азаттык” радиосунан Илим дегени сүйлөп жатат: “ММКлар маалыматты так билбегендиктен чар жайыт болуп жатат” деп акыл айтып. Концепция демекчи, өзгөчө акыркы беш жыл аралыгында мамилебиз солгундай түшкөн АКШда, алардын “басма сөз жөнүндөгү концепсиясында” жазылып турат: “ММК эч кимге көз каранды болбош керек, өкмөткө да, конгресске да, ал тургай президентке дагы” деп.

“Капитал” деген олчойгон ойлорго бай китепти кимдер гана билбейт. Ошол эмгекти жазган Карл Маркс: “Элди көрүнгөн нерсе менен чүнчүтпөй, ириде аларга дух берүү керек” деп айтканындай, дүйнөлүк экинчи согуштан кийин А.Гитлер деген “келесоонун” айынан килейген мамлекет талкаланып, экономикасы кошо кыйрап, СССР, АКШ, Англия, Франциянын жарым коллониясында калып, такыр эле немец эли чүнчүп калганда, 1949-жылы экиге бөлүнүп калган Германиянын биринин (ФРГ) бийлик башына Конрау Аденауэр деген акылман келип, 87 жашка чейин Федералдык Германиянын канцлери болуп турган. Анын эң негизги саясаты — немец улутуна (улутташы К.Маркс айткандай) элин ар убак улуттук духкка үндөп келген. Натыйжада, ошондой кыйроодон улам басмырланып, тепселген өлкө чачырап жок болуп кетпей, 1989-жылы (арадан 40 жылдан ашык убакыт өтсө да) кайра бир бүтүн мамлекетке айланышкан. Андан көп өтпөй СССР тарап, кийин постсоветтик аймактан 10 миллионго жакын немец эли мекенине кайтып кетишкен. Бүгүнкү экономикалык кризисте да Германия кабагым-кашым дебей өнүгүп-өсүп баратат. Баардык жагынан (а биз, “жеңген эл” алардын эски машинелерин айдап жүрөбүз). Акчалуу чоңдорубуз бир жери ооруп калса, түз эле ушул өлкөнүн ооруканаларын көздөй сызышат. Айтмакчы, Германия мындай бийиктикке К.Аденауэр сыяктуу улутун чексиз сүйгөн акылдуу башчынын өз элинин духун ар дайым көтөрүү менен жетти. Аны немец эли аты-жөнүнөн эмес, “Кожоюн” деп атап алганын дүйнө жетекчилери жакшы билет.

Ушулардын баарын ойлоп отуруп, эстейт экенсиң, бакиевдер бозгун болуп кеткенден кийин бийликке келгендер: “Биз “анык демократпыз”, “ал гана эмес Конституцияга киргизип, сын пикир айткандарга даңгыр жол ачабыз” деген убадалары бүгүн “покко” да жарабай калды окшойт. Бирок, кандай болгон күндө да, учурда бизге, бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанга, анын өнүгүп-өсүшү үчүн (ириде титулдук улуттун басма сөзүнө токолдун баласындай мамиле кылууну токтотуп), улуттун духун көтөргөн прагматикалык саясат аба менен суудай керек болуп жатат. Азыр, ушу тапта кыргыз эли Россиянын багына жаралган В.Путиндин жүргүзүп жаткан саясатындай чыныгы улуттук лидерлик кадамдарга чаңкап тургандай. Жакында эле ошол орус президенти (3-февралда) Ново-Огареводогу резиденциясында болгон жолугушууда “улутун сүйүүнүн өзү улуттук идеянын өзөгү!” деп ташка тамга баскандай эле ачык айтты го. Бүгүнкү геосаясатта Россия менен мамилеси солгундай түшкөн Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган да “өз улутум” дегенде ичкен ашын жерге койгон улуттук лидерлерден. Антип айтууга мисалдар толтура. Керек болсо, мындай саясат дүйнөнүн баардык жетекчилери тарабынан жүргүзүлүп жатат. Эсиңердеби, өткөн жылы Франциянын президенти Франсуа Олланд башында туруп, жүз миңдеген адамдар катышкан митинг. Ал митингдин башкы максаты — демократиялык баалуулуктарды коргоо делгени менен, негизги өзөгү ошол жүрүшкө катышкан ар бир француз эли, президенти баш болуп жүрөктөрүнүн түпкүрүндө: “Менин Франциям, жашасын Франция!” деген улуу чакырыктарга ширелип турган. А биздин “концепциячылар” улут үчүн күйгөн ушундай маалымат саясатын турмушка ашыра алабы? Улуттук идеяны алдыга кое алышабы? Эң негизгиси, ажонун “компастары” “чач ал” десе баш алгандай ардемелерди айта да, кыла да берип, акыры А.Атамбаевди “аңга түртүп” албаса болду…

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: