Буга чейинки Кочкор район акиминин мурда соттолгондугу билинип, натыйжада өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынаар замат Сариевдин мындай кадамы шык бергенби, өлкөнүн булуң-бурчундагы жергиликтүү активисттер район башчыларынын артын казууга батыл киришишти. Өткөн аптада Ысык-Көл акиминин мурда соттолгондугун жергиликтүү тургундар өкмөт башчыга кулак кагыш кылып коюшубузду өтүнүшсө, бул сапар Тоң районунун акими Эсенгул уулу Уландын да мурда соттолгондугун жердештери билдиришүүдө. 30 жаштын кырынан эми өткөн Улакеңер да кыйын экен, мурда соттолгондугун фемида өкүлдөрү тарабынан убагында актатып, куйругун тазалатып, ишти “жым-жым” кылып алганга үлгүрүптүр. Ага болбой эле жердештери жаш жетекчиге асылып, буттан тартып түшүрүүгө аракет кылышууда. Булардын кармашын тыңдасаң “керкисинде да, кемигинде да бар” окшойт. Неси болсо да премьер-министр Темир Сариев Тоң акиминин буга чейинки баскан изин челдирип, коомчулукка ак-карасын териштирип бербесе болбой калды окшойт. Сыртта жазгы талаа иштери башталганы турса, булардын ич ара ыркырашканы ишке эле кедергисин тийгизет да, туурабы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ