Menu

Орусияда метродо эрдик жасаган кыргыз жараны да даңктала баштады

Бөлүшүү:

Социалдык тармактардагы нааразылыктардан соң Орусиянын телеканалдары Москва метросунда эрдик жасаган кыргызстандык жаран тууралуу да баяндай башташты.

11-февралда метродо талмасы кармап, рельске кулаган аялды куткарып калган кыргызстандык Марат Исаевдин эрдиги орус медиасында айтылбай, аны менен бирге рельске түшкөн полиция кызматкери Артем Королюктун гана ысымы аталып жатканы социалдык тармакта кызуу талкууланып, орус журналистикасына нааразы пикирлер көп айтыла баштаган эле.

Ишемби күнү Орусиянын “Биринчи каналы” окуя тууралуу жаңыртылган баянды сунуштап, анда Марат Исаевдин тайманбас аракетин да алкап өттү.

Кырсык болгон учурда Исаев менен Королюк жүрүп бараткан поезддин астына жатып, Юлия Валь аттуу аялды куткарып чыгышкан.

Полиция кызматкери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнү расмий кабарланды. Жарандык активисттер кыргызстандык Марат Исаевге да сыйлык берилиши керектигин белгилешүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

86 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: