Menu

Хан Жантай жер сатканбы?

Бөлүшүү:

Кыргыздын эл сураган мыктылары Чүй суусунун аркы өйүзүндөгү бир өңүрүн бүтүндөй  казактарга кырк байталга сатып жиберишкен деген сөздүн тарыхый чындыгы кандай?

Чүй өрөөнүн как бөлүп аккан касиеттүү өзөндүн — Чүй суусунун бүтүндөй оң жээк өңүрүн кайсы-бир, кайсы-бир атам замандарда кыргызды билген бир-эки эл билерманы эле өлүү дүйнөнүн кунуна бычып, кырк байталдын баасына казак туугандарга кармата берген деген аңыз-каңшаарды укпаган киши азыркынын арасында чандадыр. Ушул кыңыр иш хан Жантайыбы же анын мыкты чыкма уулу Шабдан-баатырыбы, айтор экөөбүнүн биринин колунан келген имиш. Өтүрүк-чыны белгисиз, айтор айтылып да келет, жазылып да келет бул имиш.

Бирок мындай бир мыйзамченемдүү суроо туулат: калмактар кыйсыпыр түшүп качкандан кийинки кезеңдердеги далай айкаш-айыгыштардын, бир жагынан манжу-кытайы менен да, экинчи жагынан канатташ казак боордоштор менен да өлөрмандана эрегишүүнүн натыйжасында ээлигин орноткон эбегейсиз жерлерди кантип эле эки үйүр малга оолаштыра салышсын, тобо? Анан калса, азыркы география илиминде “Түндүк Теңир-Тоо” деп дүңүнөн аталган, күн чыгышы Илеге чейин созулган, түн жагы Үч-Алматы, Сары-Токумга дейре ыктаган өтөктүү жерлерди талашып алып калууга, бир учурда Куляб-Гиссардан (“Ысар-Көлөп”) бери тентиген кыргыз баласын ошол өрүштөргө текши отургузууга дал ушул аты аталган баатырлардын ата-бабалары тикелей катышып, канжыгадан кан кече далалат урушпады беле? Өткөндөн анча-мынча кабары бар окурмандын эсинде болсо керек, түп аталары Маматкул-Тынайдын заманындагы кеменгер кыргыздардын: “кокуй, эртелей жетип, жерлерибизди ээндетпей ээлейли, балдар!” дегендеги эки ооз керээт-ураанын аткарабыз, өтөөлүнө чыгабыз деп жүрүп, чиркиндики, эчендеген эрендердин, даңктуу бабаларынын өмүрү ат үстүндө корогону соңкуларга даңаза болгон эмеспи. Өңгөсүн коюп, берегидеги Эсенкул-баатыр ( болжолу: 1730-35 – 1804 жылдар) менен хан Садырдын (? — 1770) казактан конуш талаша аттанып чыгышканын, ошондо аттиң, өлчөөсүз баатыр Эр Садырдын өлүп тынганын, ал эми Эсенкул-баатырдын атпай кыргыздын ичинен атайы иргеп-иргеп отуруп, көпчүлүк арасынан солто кыргызынын баласы Түлөбердиге (XVIII кылымдын этеги – XIX к.) көңүлү түшкөнүн, аны эки арага элчи жүргүзгөнүн, кыргыз менен казактын чегин ушинтип болжогондогу окуясын алалычы. Эстерине жара чыккан дейсиңби, кылым карыта элек ошол санжыргалуу окуяларды хан Жантайы да, Шабдан-баатыры да унутуп калышы мүмкүн эмес эле дейм да. Анан калса, ата-арбактын алдындагы ант-шерти менен жашаган көчмөн шартта ата керээзинен кечип кетүү оңой-олтоң иш болбосо керек. Дагы эле сурайм өзүмөн: кантип эле кармата беришсин, капырай?

Оболу бир жагдайга көңүлүңөрдү бургум келет: өткөн кылымдагы көчмөндөр арасында эки үйүр жылкың ортодон төмөн чарбанын, жаман чокоюнун буугучуна чалынган жүдөөрөк бечаранын бир жуттук оокаты саналган. Ал эми арка кыргызында экинин бири эсептелген, дөөлөт-байманасы ашып, өзү айткандай, кадыры казакка да угулуп турган хан Жантай үчүн кырк байталың түккө арзыбаган, текейге турбаган дүнүйө саналганын бөркүңөрдөй көрө бергиле. Кандайча? Кудай жалгап, Жантай-баатырдын анча-мынча айткандары ак кагаз бетине түшүрүлүп, жыгалуу мөөрү басылып, архивдерде сакталып калган экен, эмесе бул суроого ириде баатырдын өзүнүн сөзүнөн үзүндүлөр келтирип, замандаштарынын кебин кошо кыстарып, ирээти менен жооп берели.

Болжолу — 1863-жыл. Казактар Жантай-баатырдын жер жайнаган жылкысына тийип, ашык-кеми жок, миңдей жылкысын чаап кетет. Ушул туурасында баатырдын Ала-Тоо округунун приставы Г. Колпаковскийге кабарлаганын окуйлу: “Эми байды (приставды “господин” дегени – А.К.) [көзгө илбей] үстүнөн басып келип, миң жылкымы алып, анан да байдын үстү менен жылкымы айдап өтүп кетишкени – кастык”. (Түп нускада:“Эмди байниң үстини басып келип, миң йылкымы алып, йенэ байнинг үсти билан йылкымы айдап өтүб кеткани – кастык”).

Өлөр-тирилерин билбеген кыргызың жылкысын алдырып ийип эле, шүк отуруп калган дейсиңби, Меркенин тегерегин мерчемдеп, туйгунт жаткан казакка тийип, жылкы чаап келишкен экен, Жантай-баатыр анысын жашырбастан минтип жаздырганы бар: “Меркенин түбүндөгү кыпчакка караган казактан Шабдан деген балам баш болуп барып, жылкы тийип келди”. (Түп нускада:“Меркениң түбидагы кыфчаккэ караган казакден Шамдан деган балам баш болуп барып, йылкы алыб келди” . 1863-жыл, февраль).

Ошол замандагы алыш-бериш, барымталар, алык-салык жүздөгөн-жүздөгөн жылкы менен эсептелип, миңдеген-миңдеген жылкы менен ченелгенин Жантай-баатырдын мынабул катынан байкасак болот: “Кушчу менен Бошкойго беш миң кой, миң жылкы [салык] салынды. … Солтого он миң кой, үч миң жылкы [салык] салынды… Жанкарач-баатыр сыркоолоп кайтып келди”. (Түп нускада:“Кушжи билан Бушхойгэ беш миң кой, минг йылкы салыбдур… солтэгэ он минг кой, үч минг йылкы салыбдур… Жанкараш-батур өзи сыркав болуб кайтыб келди”. 1863-жыл, декабрь).

Дагы бир мисал. Бугу менен сарыбагыштын араздашканы тыйылбай, кырды бычак түшүп, кырылышып жаткан учуру. Орус букаралыгындагы бугу уруусунун төбөлдөрү Муратаалы-бий, Балбай-баатыр, Тилекмат Бирназар уулу жана башкалар сарыбагыш уруусунун кезектеги кордугуна даттанып, арачылап калуу өтүнүчү менен пристав Г. Колпаковскийге кайрылышат. Ошондогу күйгүлтүктүү каттан “Ысык-Көлдүн аяк тарабынан Адылдын эли болуп, Ормон уулунун эли болуп, “кыдык” деген элинин миң жылкысын алып” кетишкенин окуй алабыз. (Түп нускасы:“Ысык-Көлнинг айак тарафидан Адылнинг эли болуб, Орман оглининг эли болуб, кыдык деген элимизнинг минг йылкысын алуб…”. 1861-жыл, декабрь).

Же болбосо, солто кыргыздарынын мисалына кайрылалы. Байтик Канай уулунун катынан:“Бу кара-кыргыз өтө бейбаш эл болот. Ичинде Сиздей улугу болбосо тынч жүрүшпөйт. … элдешип турган казактан бөлөкпай [кыргыздары] жылкы чапты. Кабары – беш жүз”. (Түп нускасы:“Бу кара-кыргыз көб йаман бейбаш боладур. Ичинде Сиздай улуги болмасэ тынч йүрмайдүр. … Элдашиб турган казакден бөлөкбай йылкы алды. Кабары – беш жүз”. 1863-жыл, декабрь).

Байтик-баатыр кейигенчелик бар эле. Анткени беш жүз жылкыны чаап, олжого туйтунганы бөлөкпай кыргызы болуптур да, оро-парада анын айыбын тарткан Байтик-баатыр өзү болуптур. “Кол алдымдагы элимден кар үч жаагандан кийин эле чапырашты Суранчы жүз сексен жылкымды [чаап] алды” дейт Байтик-баатыр. (Түп нускасы:”…кол алдымдагы элимден кар үч йагандан кийин чафрашты Суранжы йүз сексан йылкым алды“. 1863-жыл, декабрь).

Мисалга тарта берээрге мындай маалыматтар арбын. Андыктан жылкы тукумун кудайдын куттуу күнү жүздөп-миңдеп ары-бери күргүштөтө айдаган көчмөн баласына кырк байтал тууралуу капкаяктагы жомокту жармаштырабыз дейм да?

Баса, жогорудагы катты жаздырганында Байтик Канай уулу өзүнө ийилиштүү элдин Калыгуту менен Капка-Ташта (“үйүмүз Халоты, Кафка-Ташта”), башкача айтканда Чүй суусунун наркы бетинде, дарыянын оң куймаларын жээктеп отурганын эскерткен. Демек, солто элинин бир бөлүгү – жок эле дегенде Байтик Канай уулуна ийилиштүү бөлүгү XIX кылымдын экинчи жарымында деле ата-бабаларынын эзелки-эзелки кыштоолору саналган ошол элкин араларды мекендеп турган. Ошол аралардан арылай жүрүп барымтага аттанышып, ошол аралардан далай-далай барымтанын жолун тосушкан.

Байтик Канай уулунун башка кыргыз урууларын дагы Чүй бооруна жык отургузууга аракет кылганы анын Үмөтаалы Ормон уулуна ( XIX кылым ) жазган катынан дадил көрүнөт. 1862-жылы Байтик-баатыр Кокондун өкүлү Рахматулла-сартты өлтүргөнү маалым. Ушул окуяга удаа алыстагы Үмөтаалыга кат жазып, аны Чүйгө конууга көндүргөнүн минтип эскерген экен:“Үмөтаалы сартка таарынып кетти эле. Таарынган сартыңы өлтүрдүм деп Үмөтаалыга кат жибердим. Катым барган соң Үмөтаалы Чүйгө келип түштү. Эми Үмөтаалы менен сөз-кеңешибиз бир болду”. (Түп нускасы:”Эмди Үмөтали сартгэ өбкалаб кетүб эрди. Эмди өбкалаган сартыни өлтүрдим деп Үмөталигэ хат йибардим. Хатим барган сонг Үмөтали Чуга келиб түшди. Эмди Үмөтали билан сөзмиз-кенгашимиз бир болди”. 1863-жыл, февраль).

Үмөтаалы Ормон уулу баштаган сарыбагыш кыргыздарынын Сары-Өзөн Чүйдүн кайсы өңүр-өрүшүнө келип түшүп, жайгашканын айта албайбыз, бирок уруулаш тууганы Жантай-баатырдын жана анын элинин кайсы жерлерди ээлеп жатканын үстүрт болсо да элестетүү мүмкүн. Кайрадан баатырдын орус бийликтерине жолдогон каттарына үңүлөлү да пристав Г. Колпаковскийге багыштаган катынан мынабу үзүндүнү келтирели:“Сен Аякөздө турганда, мен Чүйдө туруп кызмат кылдым эле. Ошол убактыда кырк жашта элем”. (Түп нускасы:“сен Айакөзде турганде, мен Чувде туруп хызмат кылыб эрдим. Шол вактыде кырк йашде эрдим”. 1862-жыл, август). Бул саптардан жашы алтымыш сегизди таяган Жантай-баатырдын XIX кылымдын отузунчу жылдарынан тартып эле орус бийликтери менен алака күткөнүн, Чүй боорун чөйрөлөп көчүп-конуп жүргөнүн түкшүмөлдөй алабыз.

Ошол жылдын башы. Болжолдо – токсон, узун сарынын маалы. Адатынча кыргыздар барымтага аттанып, казактын оголе көп жылкысын чаап алышат. Казактын Сүйүнбай, Ахунбай деген эки арага жүргөн адамдары жылкынын изи менен келип, доо кылышат. Жантай-баатыр аларга:“элимдин төмөн чети – Кегетиде, жогору чети – Шамшыда” (Түп нускасы:“элимнинг төмөн чети – Кегетиде, йукары чети — Шамшыде”, 1862-жыл, февраль-март айлары) деген жүйөнү айтып, башкача айтканда жердин алыстыгына шылтоолоп, тактап көрмөккө, таап бермекке убакыт сурайт.

Ал эми дал ошол учурларда Жантай-баатырдын өзүнүн айылы кайсы жерге конгондугу тууралуу маалыматты төмөнкү билдирүүсүнөн тактай алабыз. Доо издеген казактар, кыязы, көп узабай кыргыздан жылкы алмакка аракет кылышат дагы, “Кегети менен Шамшыга” деп отурушпай эле, ошончодон түз эле Жантай-баатырдын жайнаган малын көздөп чыгышат. Бирок баатырдын айылы эки жакка жол чалып, кулак түрүп, сак жаткан экен, катылган барымтачылардын үмүтүн таш каптырып, он кишисин колго түшүрүп алышат. Ушул окуядан кийин баатыр айылын түндүк тарапты беттеп көчүрөт (“төмөн караб көжүб келдим”). Ыктаса деле болбой, кыргыз менен казактын жылкы талашы такыр эле тыйылбай койгондо, бир аздан соң “Май-Булак” деген жерден жогору карап көчүп чыгат (“Май-Булактан йукары караб көжтүм”). Баатырдын айтуусундагы “Май-Булактын” кайсы Май-Булак экенин тактай алган жокпуз. Бирок андан кийин эле “Кастекке кондук” (“биз буйруган Кастекке кондук”) деп кабарлаганына караганда, ошол мааледен алыс эмес жайгашкан конуштардын биринен го деп гана болжой алабыз.

Орус менен алакасы баштагыдан да кызыган кийинки жылдагы — 1863-жылы жазылган каттарына кайрылалы. “Элибиздин башы – Кеминде, өзүбүз Кара-Коңузда жатабыз” (Түп нускасы:“элимизнинг башы Кеминде, өзимиз Кара-Конгузде жатурмиз”) дейт Жантай-баатыр февраль айында жаздырган катында.

“Кара-Коңузуң каякта эле?” дечүлөргө, боордош Казакстандын Кордой районуна караган азыркы Масанчы айылы илгери замандарда Жантай-баатырдын ата конушу саналганын, анан да “Кара-Коңуз” аталганын эскерте кетели. Ал эми “От түгөнсө, төмөн Ыргайтыга барып, мал откозуп келсек бекен деген оюбуз бар” (Түп нускасы:“отумиз түганиб кетсэ, төмен Ыргайтыга барып, мал отказыб келсак мукен деган ойимизде бар”) деген саптарын окуп отуруп, бир эсе, сүрө-сүрө мал айдаган көчмөн баласы үчүн токсон ичи менен жазгы ала-шалбыртта элүү-алтымыш чакырым аралыкка конуш которуу кеп болбогонун (анткени азыркы Масанчы айылы менен Кордойдун эле аралыгы элүү километрден ашуун жол), экинчи эседен, Жантай-баатырдын Байтик-баатырдын Калыгуту менен Капка-Таштагы (соңку жер азыр “Какпатас айылы” деп аталат) кыштоолоруна он беш — жыйырма чакырымдай жетпей конуу ою болгонун чечмелей алабыз.

Кыргыздар Кара-Коңуздун тегерегинде Жантай-баатырдын заманынан кийин деле, XX кылымдын башында дагы көчүп-конуп жүрүшкөнү белгилүү. Болгону Кытайдан баш калка издеп келген качкын дунгандарды Жантайдын уулу Шабдан-баатыр (1839 — 1912) ошол жерге отургузганда тарыхчы Осмоналы Сыдык уулунун (1875 — 1942) кабыргасы кайыша кейигени бар.

Бирок Осмоналы Сыдык уулу да “кыргыз жерлеринин өтүп кетиши” тууралуу маселени козгоп өтүп, өз доорундагы көз карашты айта кеткен. Демек анын жазгандарын Шабдандын заманында эле айтыла жүргөн, керек болсо Шабдан-баатыр жана анын замандаштары айта жүргөн кеп деп санашыбыз зарыл. Ал кайсы жерлердин көздөн учканын эскерет дагы, кайсы “көсөмдөн” көрөт? Жантай-баатырды дагы, Шабдан-баатырды дагы атабайт. Түз эле Ормон-хандын уулу Үмөтаалыны эскерет. Орустан “жолуккан улугу бир шаар кура турган жер сураганда, азыркы Алматынын ордун берген экен” деп жазат Осмонаалы Сыдык уулу.

Дагы айтам, Осмонаалы Сыдык уулунун бул жазгандары Шабдан-баатырдын учурунда айтылып жүргөн күйүттүү сөз, ошолордун көз карашын чагылдырган санжыралык маалымат деп боолголушубуз керек.

Ошентип, Жантай-баатыр менен Шабдан-баатырдын жер сатканын ырастаган документтер деле жок. Ал эми алиги кырк байтал тууралуу айтылуу аңыз кара-кыргыз баласынын Калыгуту менен Кара-Коңуздун кайгысынан улам кейип айта жүргөн ич күптү сөзүбү деп калам.

Арслан Койчиев
Булак: “Кутбилим” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: