Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин аба ырайынын божомолу.
Бишкек шаарында 17-февралы күнү түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 17-февралы күнү жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секунасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болушу күтүлөт.
17-февралы күнү түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
18-19-февралы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
20-февралы күнү жана 21-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
21-февралы күнү күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы жогорулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ