Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Атамбаевди эми мындан дагы катуу сындайм!”

Бөлүшүү:

Негизи эле президент Алмазбек Атамбаевге карата позициям коомчулукка белгилүү. Айрым учурда ачууга алдырып иймей адатым бар. Бирок ал деле жакшы жагдайдан улам чыкпайт экен.

2013-жылы Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековду болор-болбос айыптарды чүргөп, эч далили жок камакка алышканда ачуум менен Атамбаевдин дарегине бир катар сөздөрдү айткам. Ал үчүн коомчулукта мени колдогону да, ар түрдүү сөздөрдү айтып шыбаганы да көп болду. Баарынын эле карманганы: “Өзүңдөн улуу кишиге да сен дейсиңби? Жок дегенде Сиз деп жазбайсыңбы, кантсе да ал киши президент да. Падыша Кудайдын сүйгөн адамы да”, -деп динди, адеп-ахлакты шылтоолоп акыл айткандар көп болду. Албетте, улуу адамга сен деп сүйлөө адепсиздик экенин мен дагы жакшы билем. Бирок жашоодо мындай түшүнүк бар да. Адамдын деңгээлине жараша сүйлөшүү деген. Мисалы Акаевге же Бакиевге ушинтип кыйкырып жазганымды эч эле элестете албайм. Анткени алардын деңгээли таптакыр башка. Андай адамдарга өздөрүнүн тилинде сын айткан туура болот деп эсептейм. Эми ошол акыл айтып жаткандарга бир суроом бар. Силер Атамбаевдин өзүнүн деңгээлине кандай карайсыңар? Же падышамын деп оозуна келгенин оттой берсе ага жарашат да, жаштыгым менен мен ачуу сөз айтсам мага жарашпайбы? Атамбаевдин лексиконундагы сөздөрдү алалы. Албетте одоно угулса кечирим сурайм. Бирок бул Атамбаевдин сөздөрү.

2007-жылы Феликс Кулов жетектеген “Бириккен фронт” уюштурган митинг Бакиев бийлиги тарабынан кубаланып, күч менен таркатылгандан кийин аянтка келип алып интервью берген ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин ар бир сөзү азыркыга чейин кулагымда жаңырып турат. Ал митингге келген элди “бараны” деп атам, ал эми митингдин уюштуруучуларын Куловду баш кылып “козел” атаганын азыр деле унута элекпиз.

2009-жылы президенттик шайлоо маалында Алмазбек Шаршенович КТРКнын эфиринде отурган жеринен: “Керек болсо Акаевди көчүккө тээп кубалап чыкканбыз” деп балп эттиргенин бүт Кыргызстан уккан. Ошондо Атамбаевден көптү үмүттөнүп, анын кайрылуусун көрөбүз деп минут санап отурган бир топ жактоочусу жүзүн үйрүгөн.

Ал эми 2010-жылдын 12-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев өзүнүн жактоочулары менен азыркы өкмөт үйүнүн имаратынын алдына келип митинг уюштурганда генерал Суваналиев тууралуу айтпады беле: “Ал Каттани эмес, Көтөни”, -деп. Буга эмне дейсиңер? Же пайгамбар жашына жакындап калган Алмазбек Шаршеновичке минтип сөгүнсө деле айып эмеспи?

Андан кийин президенттик жылдарында кимди гана эмне деп атаган жок. Кимди эмнеге теңеген жок. Анын баарын айтып майдаланып отургум келбейт. Эми ушундай адамга эмне үчүн мен сылык-сыпаа, маданияттуу тил менен гана кайрылышым керек?

Маселен, ошол эле премьер-министрге Атамбаевден кем эмес сын-пикирлеримд жазып келе жатам. Бирок бир да жолу ага ар-намысына тийген катуу сөздөрдү жазган эмесмин. Анткени Темир Аргенбаевич башынан эле чектен чыкпаган, өзүн маданияттуу алып жүргөн адам. Албетте, андай адамга катуу сөз жазганга, айтканга абийириң жол бербейт. Адам кандай деңгээлде болсо, ага ошондой деңгээлде мамиле жасаш керек деп ойлойм.

Эми кыргызда кошомат кылчу адам көп экен. Аларга албетте жагыш кыйын. Же болбосо ичтеринен менин Атамбаевге карата жазган пикирлеримди, статьяларымды туура деп эсептесе да сыртынан жок дегенде президентке бир ирет кошоматтанып албаса бир жери кемип калчудай сыпайы сүйлөп, акыл айтып, ошону менен бирге “шефине” жагынып алганга усталар көбөйдү. Болбосо ошол эле Атамбаевди мактап, бийликтин акырынан жем жеген гезиттерди алалы. Бир нерсе болсо эле “Атамбаевге сен деп акаарат келтирген адеби жок Айтикеев” деп башташат. Аларга айтаар элем, силер ар дайым адептүүсүңөр. Бакиев маалында деле адептүү болуп келгенсиңер, а мен ага сын айтып камалгам. Азыр болсо ошол гезиттер менен алардын кожоюндары адептүү, мен Бакиевчи болуп калдым. Эртең ушул эле жасакерлер жалмаңдашып кийинки келген бийликтин колтугуна кире качып, бийликти өлөөрчө мактап, күнөөнүн баарын Атамбаевге оодара салышат. Азыр болсо Атамбаевге акаарат айтканымды эстеп, ал эми Алмазбек Шаршеновичтин “ээн ооздугун” эч качан эстегилери келишпейт. Анткени кошоматчылыктын формуласы ушундай. Башкача болушу да мүмкүн эмес.

Силер Атамбаевиңер менен бирге “маданияттуу”, “тартиптүү” болуп жүрө бергиле. А мен баягыдай эле “акааратчыл”, “орой” Адилет бойдон кала берейин. Мен ушул мүнөзүм, принцибим, бет алган жолум менен сыймыктанам. Кийин Атамбаев келгенде сыр билгизбей мага келишиңер мүмкүн аны жамандап. “Адилет, сен Атамбаевди аябай туура айткансың. Ал чын эле ошондой экен” деп келсеңер деле таң калбайм. Бирок кошоматчылык менен эки жүздүүлүктүн да бүтөөр күнү бар экенин эстен чыгарбагыла “жалпак мурундар”. Кантсе да силердин мурдуңарды балта кеспеген “жалпак мурундарсыңар”. Силерге даба да, сөз да жок…

Адилет Айтикеев

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: