Menu

7-апрелде Ак үйдү жана элди аткан белгисиз куралчандар кимдер?

Бөлүшүү:

ММКда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталган күнүнөн тарта “кылым соту” деген атка конгон. Быйыл ноябрь айында аталган соттук тертиштирүүнүн башталганына үч жыл толду. Башында бул сот процессинин ар бир күнүн бардык ММК чагылдырып келсе, кийинчерээк эмнегедир бул тема эч кимди кызыктырбай бараткансыйт. Анан калса убакыт создугууда. А сот качан бүтөрү белгисиз.

Ушул жуманын башында, 11-ноябрда Бишкекте 7-апрелдеги окуялар боюнча сотто айыпталуучулар жана алардын адвокаттары мындан үч жыл мурда 7-апрелде Бишкекте болгон окуяларды камтыган видеотасманы көрүүнү сунуштаган. Айыпталуучулардын бири, УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурдагы жетекчиси Алмаз Жолдошалиевдин сотто маалымдашынча, убакытты үнөмдөө үчүн тасма кыскартылган. Анын айтымында, фото жана видеоматериалдар интернеттен, КТРК, НБТ, НТС телеканалдарынан алынган. Эркин журналисттердин жана жеке адамдардын тарткандары да бар. “Видеотасма 7-апрель күнү эртеден-кечке чейин укук коргоо органдары жана митингчилер кандай аракеттерди жасаганын камтыйт. Биздин максат – ал күнү ким өзүн кандай алып жүргөнүн калыс жана туура көрсөтүү” дейт Алмаз Жолдошалиев “Азаттык” үналгысына.

Башында сунушталган видеотасманы көрүүгө мамлекеттик айыптоочулар жана жабырлануучулар каршы чыккан. Прокурор Азамат Мамбетов интернеттен жана башка маалымат булактарынан алынган тасмалар мыйзамдагы эрежелерди сактоо менен чогултулушу кажет болчу жана сунушталган эле тасманы сотто көрө берүү туура эмес дейт. Жабырлануучуларды да видеотасманын кыскартылганы жана кесилгени нааразы кылып, булар өздөрүнө ылайыктуу жерин гана көрсөтөт деп чыгышкан. Кызуу талаш-тартыштан кийин тергөө учурунда табылган ондогон видеотасмалар менен бирге жогорудагы талаштуу видео дагы көрсөтүлмөй болгон.

Жуманын шейшембисинде 7-ап-рель окуясы боюнча сотто “Мекен шейиттеринин” лидери видеодо мародерлуктун фрагменттери көргөзүлгөндүгүнө нааразы болду. 19-ноябрдагы сот процессинде соттолуучулар тарабынан көрсөтүлгөн видеотасманын көрсөтүлүшүнө жабырлануучулардын жактоочусу, “Мекен шейиттери” биримдигинин төрагасы Осунбек Жамансариев каршылыгын билдирип чыкты. Анын айтымында, мародерлорго карата териштирүү иштери башка сотто жүрүүдө. “Түшүнүксүз тасманы көргөзүп не кереги бар? Керек болсо, бул качан болгондугу белгисиз” деп билдирди О.Жамансариев. Ага экинчи тарап аталган видео 7-апрелде тартылгандыгын, анда ошол кезде мародерлор “Бета Сторес” соода борборун тоноп жатышканын айтышты.

Мындан сырткары “Альфа” атайын даярдыктагы тобунун айрым өкүлдөрүнүн үстүнөн жүрүп аткан сот боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер арбын. Мамлекеттик айыптоочулар “Альфа” тобунун кызматкерлерин 2010-жылдагы 7-апрелдеги кандуу кагылышууда 77 адамдын өлүмүнө себепкер деп айып коюуда. Бирок баллистикалык экспертизада каза болгондор “альфачылардын” куралынан курман болгондугу далилденген жок. Андыктан сот чечими кандай болот – элди ушул суроо кызыктырууда. Айрыкча буйрукту бергендер эмес, аларды аткарган, аягына чейин уставды, антты сактагандардын тагдыр ташы кандай оойт, айтуу кыйын…

Ошол эле учурда соттук териш-тирүүдө көп дал келбестиктер тууралуу айтылууда. “Альфачылардын” укугун коргоп жаткан Чолпон Жакупованын айтканына караганда, ошол кездеги оппозиция, кийинки убактылуу өкмөттүн аттуу-баштуу адамдарынын көрсөтмөлөрү да бири-бирине дал келбей калууда. “Мисалы, ошол кезде Роза Отунбаева, Темир Сариев жана Иса Өмүркулов оппозициянын атынан бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 7-апрелде аянтта каза болгондор боюнча эки башка сан айтылган. Оппозиция кечки саат 21.00дөгү сүйлөшүү учурунда 12 адам деп билдирсе, ал кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өлгөндөрдүн саны 19га жеткенин билдирген. Ушул эле учурда “тез жардам” кызматынан Гүлнара Ташибекова саат 18.00дө өлгөн адамдардын санын 17 киши деп белгилеген. Эртеси 8-апрель күнү каза болгондордун саны 87 адамга жеткен. Кечинде Бишкекте активдүү ок атышуу болгон эмес, болгону шаар бүт тонолуп, мародерлук жүрүп аткан. Түн ичинде мынча адам кайдан өлдү? Кимдин куралынан өлдү?” дейт Жакупова. Айтор, 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө ушул сыяктуу чечилбеген суроолор көп.

Дагы бир кызык жагдай, ошол кандуу окуяда Тарых музейинин капталындагы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратында белгисиз куралчандар болгону айтылууда. Бул айыпталуучулар сунуштаган видеотасмада да дайын болду. Аны судья Дамир Оңолбеков байкап, “биз бул имараттын башынан үч белгисиз куралчандарды көрүп жатабыз, бирок жабырлануучулар буга чейин куралчандар Ак үйдүн чатырында гана болгон деп келишкен. Мындан улам биз аларга кантип ишенебиз?” маанисинде күңк этти. Буга чейин жабырлануучулар аларды Ак үйдүн чатырында турган карааандар атканын айтса, “альфачылар” элди атпаганын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратынын жана Тарых музейинин чатырында башка бир куралчандар жүргөнүн, алар Ак үй тарапты жана элди атышы мүмкүн экенин айтып келишкен. Бирок ал белгисиз куралчандар ким экенин эч ким айта элек. Бирок соттук ишти олку-солку кылып туру. Чамасы, 7-апрель окуясына үчүнчү күчтөрдүн колкабыш кылганы чын окшойт. Эмнеси болсо да бейкүнөө жабыр тарткан карапайым элдин канын төккөндөр өз жазасын алууга тийиш.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым”

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: