Menu

Адабиятыбыздын Алтын доору туурасындагы баалуу эмгек

Бөлүшүү:

Сөз белгилүү адабиятчы, котормочу, публицист жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун кыргыз адабиятынын тарыхына арналган “История кыргызской литературы ХХ века”  аттуу  эки томдук китеби туурасында  болмокчу.  Бул эмгектин акыркы жылдары кыргыз адабияттаануу илиминде иштелген бараандуу эмгектерден  экендигин окурманга дароо  эле айтып койгонубуз оң.  Албетте, буга чейин да адабият тарыхтарынын жарык көргөндүгү ырас, бирок алар жазылып жана окулуп  жаткандагы мезгил, шарт, саясат азыркыдан таптакыр бөлөк болгондугун эч ким тана албас. Пролетариаттын улуу жолбашчысы Владимир Ленин айтмакчы “Кайсы бир коомдо жашап туруп, ал коомдон тыш болуш” мүмкүн эместиги айкын  эле да. Муну менен биз азыр таптакыр эле эркин болуп калдык дегибиз келбейт, анткени эркиндиктин өзү салыштырмалуу экендиги баарыбызга белгилүү эмеспи.

Баарыдан мурун  биз сөз кылып жаткан китептин жаңы муундагы эмгектерден экенин баса белгилеп кетүүбүз керек. Автор ХХ кылымдагы профессионалдык кыргыз адабиятынын жашоо-иштөө мезгилин калыстык жана акыйкаттык менен кыргыз адабиятынын Алтын доору деп атаган. Чынында эле кыргыз адабиятын тарыхый өңүттөн алып карай турган болсок  эки миң жылдан ашуун тарыхы бар кытай тарых жылнаамаларында сакталып калган кыргыз кагандарынын кытай төбөлдөрү менен болгон дипломатиялык кат алышууларын,  андан бери келсек Алтай менен Түштүк Сибирдеги рун эстеликтерин, кыргыздын аябагандай бай фольклорун, адамзаттын кайталангыс дастандарынын бири “Манасты”, санаса түгөнгүс берметтей болгон кенже эпосторду, акырында   сап башында Чыңгыз Айтматовдун баа жеткис көркөм феномени  турган ХХ кылымдагы А. Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун, А. Осмоновдун  ж.б. көптөгөн акын-жазуучуларыбыздын чыгармачылыгынан  курулган профессионал адабиятыбызды  эске алып жатабыз. Албетте, автордун ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын  Алтын доор адабияты деп аташынын жөндүү негиздери бар. Алардын бири катары бул мезгилде жаңыдан бутуна туруп телчиккен жаш адабият өзүнөн жашы улуу, бай тарыхы бар жазма адабияттарга кошулуп, алар менен бир  катарда туруп калышын көрсөтсөк болот. Андан ары улай турган болсок кайсыл эле адабият өз жазуучусунун дүйнөлүк атак-баркы чоң Нобель сыйлыгына далай ирет көрсөтүлүп, башка адабияттардан сунушталган дүйнөлүк ири жазуучулардын көптөрүн атаандаш, сыйлык ошол жакка ооп кете турган күчтүү жазуучу катары чочулатып келгенин айтып мактана алат?!.   Ошол эле учурда  жаш адабият башынан далай оорчулуктарды, кыйынчылыктарды кечиргени баарыбызга маалым. Чынында эле ушул жылдары калыптанган көркөм-адабий салттар автор акыйкат белгилегендей көркөм сөз өнөрүнүн мындан аркы өсүшүнө эстетикалык жакшы кыртыш да болуп берээри бышык.  Ф. Энгельс жазгандай “ар бир доордун, демек биздин доордун да ой жүгүртүүсү – ар кайсыл мезгилдерде ар кандай формаларга, ошол эле учурда ар кандай мазмунга ээ болгон тарыхый продукт ”.  Бул доор улуу социалдык революциялардын, адамзат тарыхындагы болуп көрбөгөндөй илимий-техникалык ачылыштардын, эки дүйнөлүк согуштун, курамында кыргыз эли да жетимиш жыл бирге болгон Совет өлкөсүнүн пайда болуш жана кыйраш доору, бул доор кыска мезгил ичинде кубанычтуу да, кайгылуу да далай тарыхый учурларды башынан өткөргөн Кыргыз Республикасынын  Алтын доору.

Ошентип, Осмонакун Ибраимов туура жана акыйкат белгилегендей бул доор кыргыз адабиятына  да түздөн түз тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде кыргыз адабияты дүйнөлүк адабий жана маданий коомчулукка белгилүү адабияттардан болуп калды, идеялык-стилдик, жанрдык жана  мазмундук жактан көп түрдүүлүккө ээ  болуп өнүп-өстү, өзгөрдү, байыды.  Бирок, анын  ХХ кылымдагы тагдыры  башка адабияттардан тагдырынан бир топ  эле айырмаланып  турат. Көркөм тексттерди, адабий агымдарды, адабий багыттарды талдай келсек кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн дүйнөлүк адабият басып өткөн жолду  кыска мөөнөттө, башка чыйыр-төтө жолдор менен басып өткөнүн көрөбүз. Ушундан улам адамзат маданиятынын, анын ичинде адабияттын да өсүп-өнүш мыйзамченемдүүлүктөрүнүн жалпы экендигин, орток экендигин  байкоого болот.

Эч кимге жашыруун эмес, эсил кайран СССРдин кулаганына бир топ мезгил болуп калса да биздин көркөм адабиятка жана анын ар түрдүү стилдик жана эстетикалык табиятына жасаган мамилебиз баягы социалисттик реализм методу мезгилиндегидей эле бойдон калып келди. Баскан жолубузга, көркөм сөз  тарыхына, айрым бир теориялык маселелерге  башкача өңүттөн, башкача көз караштан кароо мезгили эбак эле келип жеткендиги эбак эле белгилүү болуп калган.  Калыстык үчүн айтып кое турган нерсе андай иштер такыр эле жасалган жок деп айтуудан  алыспыз.

Ушул өңүттөн алып караганда Осмонакун Ибраимовдун  “История кыргызской литературы ХХ века” аттуу эмгеги  ар тараптан мактоого татырлык эмгек. Китепте ХХ кылымдагы жана ХХI кылымдын башындагы кыргыз адабиятынын калыптаныш жана өнүгүш жолу конкрет адабий материлдардын мисалында изилдөөгө алынган. Бул ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятындагы көркөм багыттар, идеялык-стилдик көрүнүштөр жана методдор. Автор туура белгилеп кеткендей булар 30-жылдары өзүн көрсөткөн поэтикалык романтизмдин башталышы, 50-60-жылдардагы романтизм жана романтикалык реализм. Дагы бир эске алып кое турган нерсе автор социалисттик реализм методун катып калган саясый метод катары карабагандыгы, анын адабияттын тарыхында жаңы мазмунга, жаңы маанилерге ээ болуп турушун окурманды ынандырган мисалдар менен  көрсөткөндүгүндө. Тарыхта 70-80-жылдардагы кыргыз модернизми менен поэтикалык авангардизми өзүнчө каралат. Ал эми айтматовдук экзистенциализм менен 70-90-жылдардагы К. Жусубалиев жана анын калемдештеринин сюрреалисттик изденүүлөрү жөнүндөгү  тарыхчынын баяндары  кыргыз адабият тарыхындагы жаңы барактар катары карала турган  ойлор, көз караштар. Албетте, бул ойлордун, пикирлердин тегерегинде келечекте боло турган сөздөрдүн да  алдыда экендиги ырас. Кандай болгон күндө да кыргыз адабиятынын Алтын доору жөнүндөгү бул тарых окурманды кайдыгер калтырбайт, ойлонтот, түйшөлдүрөт, жаңы ойлорго чакырат.

Бул туурасында Чыңгыз Айтматовдун  да: “ Жазуучу – өз доорунун күзгүсү. Өзүбүздөн мурдагыларды урматтоо менен, биз ар бир доор өзүнүн эстетикалык талаптарын алдыга коерун унутпашыбыз зарылМезгилдин духун  – адамдын, коомдун абалын сезе билип, өзүңдүн чыгармачылыгыңды, турмуштагы өзгөрүштөрдү, жылыштарды туура чагылдыра алган жаңы критерийлер менен өлчөөгө жетишүү маанилүү”, – деп жазганы бар.

Мезгил талабына жооп бере алган жаңы муундагы  мындай тарыхтын жазылышы адабий коомчулукту, адабияттаануучуларды кубандыра турган, дегеле кыргыз элинин көркөм сөз өнөрүнө көңүл кош карабагандар үчүн белгилүү илимпоз Осмонакун Ибраимов тарабынан кош колдоп сунулган белек катары кабыл алам. Келечекте жаңы тарых элибиздин адабий-маданий коомчулугуна   чоң кызмат кылаарына терең ишенип,  ак жол тилөө менен, –

Эсентур КЫЛЫЧЕВ, акын жана публицист.

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: