Menu

Бүгүн, 17-февралда, КР Жогорку Сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-февралда КР Жогорку Сотунун пленумунун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын, Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын төрагасы К. Эсенкановдун, жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Ф. Жамашеванын, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы А. Базаралиеванын соттук коллегиялардын 2015-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча маалыматтары угузулду.

Каралган иштердин саны

2015-жылы каралган иштердин саны 2014-жылга салыштырмалуу 1-инстанциядагы соттордо 4,9%га, 2-инстанциядагы соттордо 3,1%га азайган, ал эми көзөмөл инстанциядагы сотто тескерисинче 1,6%га көбөйгөн. Бирок сот адилеттигин жүзөгө ашыруу биздин конституциялык негизги милдетибиз болгондуктан, биз каралган иштердин санына эмес сапатына көңүл буруубуз зарыл.

Пленумда белгилүү болгондой жергиликтүү соттор тарабынан 2015-жылы каралган иштердин сапаты төмөндөгүдөй:

Каралган иштердин сапаты

2015-жылы 1-инстанциядагы соттор тарабынан кабыл алынган соттук актылардын сапаты 2014-жылга салыштырмалуу 3,6%га, ал эми 2-инстанциядагы соттордуку 2,9%га жакшырган.

– Баткен областтык сотунда 25,9%га;

– Талас областтык сотунда 10,2%га;

– Ысык-Көл облаттык сотунда 6,6%га;

– Аскер сотунда 4,9%га;

– Ош областтык сотунда 2,8%га;

– Жалал-Абад областтык сотунда 1,7%га;

– Бишкек шаардык сотунда 1%га;

– Чүй областтык сотунда 0,4%га жакшырган.

Кыргыз Фемида башчысы Айнаш Токбаева бул көрсөткүчтү мындан ары да жакшыртуу керектигин белгиледи.

Ал эми Нарын областтык сотунда тескерисинче 1,3%га иш кароо сапаты начарлаган.

Өлкөбүздө болуп жаткан сот тутумун реформалоонун натыйжасында судьялар корпусунун жалпы курамы жаңыланууда жана аны менен бирге арабызды жаш судьялар толукташууда. Бүгүнкү күнгө жергиликтүү соттордун жалпы курамынын 72,3% же 290ну жаңыртылып, алардын ичинен 49% же 142си судьялык кызматка биринчи жолу дайындалып жатышат.

Албетте жаш судьялар кесиптик билимин жогорулатууга жана жетиштүү тажрыйба алууга муктаж. Сот актылары мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкаттуу болушу үчүн жаңы дайындалган судьялардын кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору тийиштүү иш-чараларды күчөтүү менен жыйнактуу программаларды кеңейтип, соттук тажрыйбага байланышкан ар тараптуу окутуу, машыгууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүшү керек.

Буга кошумча, Төрайым сот тутумунда соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатууга жетишкен судьялар да аз эместиги менен бирге, мындай тажрыйбалуу судьялар ишти кароодо гана башкаларга үлгү болбостон, коомчулуктун сотторго, жалпы сот тутумуна болгон ишенимин арттырууда да жол көрсөтүүлөрүн белгиледи.

Пленумдун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Илимий-консультациялык Кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун сыйлыктары жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун токтомдору кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: