Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” аттуу 24 сааттык методикалык семинар-тренинг өткөрүү максатында Ош облусуна сапар тартышып, 3 күндүк окуу уюштурду.
Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине арналган семинар-тренингге катышкан 106 кызматкер жыйынтыктоочу тесттин негизинде атайын тастыктамаларга ээ болушту.
Ушундай эле семинар-тренинг 18-февралдан 20-февралга чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн өткөрүлмөкчү.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун демилгеси менен “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” аттуу семинар-тренинг 2016-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында уюштурулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ