Бул боюнча бүгүн 17-февралда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Алай районунун борбордук мечитинде жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөн райондук баш имам хатибдердин көчмө жыйынында билдирди. Жыйында облус казысы жалпы тургундарга алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө жаат-жаатка бөлүнбөй, шайлоонун шайтан оюндарына азгырылбай мусулманчылыктын бийик маданиятын көрсөтүп, элдин биримдигин чыңдоого үндөдү. Ошол эле убакта райондордун баш имам хатибдерине тапшырма катары жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоо өнөктүктөрдө ар бир мечиттин имамы үгүтчүлөрдүн иштерине аралашпастан, элди ынтымак жана биримдикке чакырып, тынчтыктын орбитры болуусун милдеттендирди.
Эскерте кетсек, КРнын Президентинин жарлыгына ылайык ушул жылдын 27-мартына Ош облусунун Кара-Суу, Алай , Ноокат райондоруна караштуу айылдык кеңештерге жана Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ