Сузакта 2015-жылдын 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнүн короосунан үч баш коюн уурдап кетишкен. Окуядан бир жумадан кийин 14-сентябрь күнү ошол эле айылдын Маматалиев көчөсүнүн 5-үйүнүн короосунан белгисиз кылмышкерлер бир баш кочкорун уурдаган. Андан кийин 18-сентябрга караган түнү Сузак районунун Орто-Азия айылынын Эгембердиев көчөсүнүн 7-үйүнүн короосунан бир баш кочкорун уурдап кетишкен.
Натыйжада жабырлануучуларга жалпысынан 43000 сомдук зыян келтирилген. Аталган факт боюнча КЖКнин 165-беренесинин (Мал уурдоо) 2-пунктунун (адамдардын тобу тарабынан) негизинде кылмыш иши козголуп, “Бродяга” рейдинин жүрүшүндө ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, мал уурулук менен шуулданып жүргөн топ 21-22-февраль күндөрү кармалды. Алар Сузак районун Лавдан-Кара айылынын 2 жараны (Ш.Б, К.Н) жана Орто-Азия айылынын тургуну (Ж.А.) экендиги аныкталып,тергөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ