Эгерде…
Эгерде кармап калсам
бир учун чагылгандын:
Калк мүлкүн уурдап, тоноп,
торпойдой багылгандын;
Өзгөнүн айдагына көнүп алып,
өзүбүзгө кылыч болуп чабылгандын;
Алдууларга чөгөлөп, кол куушуруп,
алсыздарга жулунуп чамынгандын;
Кеменгердин кебин укпай,
же өзүнөн акыл чыкпай,
кайра алардын карегине
мык болуп кагылгандын;
Коррупция, мафия… сасык сазга
кекиртектен жогору малынгандын;
Өз тилин өгөйлөшүп, мурдун чүйрүп,
өзгө тилге өкчөңдөп жагынгандын;
Калп эле «нак улутман» боло калып:
Кыргыздын ич арасын бөлүп-жарып,
«кыргыз эмес мунуң…» деп уу-чуу салып,
Кыргызды кыргызына жек көргөзгөн
кыйдылыгы ашынган Кыргыл чалдын,
Абыкенин, Көбөштүн тукумдарын…
дагы да аты аталбай калып калган
дал ушундай жексурлардын бүтүн баарын
топтоп туруп,
тийгизип моюнуна,
күйгүзүп коюнуна
чагылганды салат элем!
Ага да оңолбосо камчы кылып,
жон талаштыра башына чабат элем!
…Кокустан кармап алсам
бир учун чагылгандын…
6. 02. 2016-жыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ