Menu

Фотобаян – Ош облусунун молдолору лыжа тебүү боюнча мелдеш өткөрүштү

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-февралда Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык лыжа базасында “Спорт-ден-соолуктун булагы” аталышында спорттук иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, облустун 7 районунун баш имам-хатибдери жана казыят кызматкерлери катышышты. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарада райондордун баш имам хатибдери лыжа тебүү менен күч сынашып, бийик тоодон ыкчам түшүү жана шамдагайлык ыкмаларды колдонуу аркылуу жарышышты. Аталган күч сынашууда баш имам-хатибдер лыжа тебүү физикалык шамдагайлыкты, этияттыкты жана психологиялык жактан адамдын өзүнө болгон ишенимдүүлүктү талап кылып, эрктүүлүккө тарбиялаарын белгилешти.

Мындай жакшы саамалыктын уюштуруучусу болгон облус казысы Самидин кары Атабаев иш-чаранын негизги максаты катары төмөнкүлөргө токтолду. “Пайгамбарыбыз (САВ) балдарыңарды ат чапканга, сууда сүзгөнгө жана жаа атканга үйрөткүлө”- деген, демек Исламда спортко болгон мамиле өтө маанилүү экендигин билдирген. Мындан сырткары дин кызматкери адеп-ахлактан сырткары дени-сак жашоонун үлгүсү экендигин көрсөтө алыш керек. Иш-чаранын максаты спорт аркылуу ынтымакка чакырып, ар турдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууга үлгү болуу – деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыяты  ушул жылдын башында лыжа тебүү спортунун альпиялык түрүнөн мелдеш өткөргөн болчу.

Молдолор лыжада4

Молдолор лыжада

Молдолор лыжада2

Молдолор лыжада5

Молдолор лыжада7

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: