Menu

Бугу уруусунун баатыры Балбай Эшкожо уулунун 225 жылдыгына карата китеп көргөзмө

Бөлүшүү:

Эртең, 19-февралда саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө тарыхый инсан Балбай Эшкожо уулунун 225 жылдыгына арналган «Балбай жана анын доору» аттуу китеп көргөзмөсү  өткөрүлөт.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук Китепканасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду тарабынан уюштурулган.

Көлдүн бугу уруусунун баатыры Балбай Эшкожо уулу 1791-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Балбай чарчы бойлуу, чокчо сакал, кур жүздүү, бүркүт кабак, көзү оттой жанган, кишини тике караган, саал чулдур, беттегенин бербеген, айтканынан кайтпаган, сырга бек, өтө сүрдүү киши болгон.

Анын балалык чагы жоокерчилик заманга туш келет. Ал мезгилде кыргыздарга казактар, жунгарлар (калмактар) кол салышып, айылын чаап, талап-тоноп, элин кул-күң кылып алышчу. Кыргыз урууларынын өз ара биримсиздиги баскынчыларга көз каранды кылууга ыңгайлуу шарт түзгөн. Ошондой кыйын кырдаалда баатыр баскынчыларга каршы туруп, өз эли-жерин жат душмандардан коргоп, аларга дайым каршы турган.

Чатактын башталышы бугу менен сарыбагыш уруусунун ордо атышуусунан келип чыккан. Жаш кезинен тың чыгып, калкына кадыры өткөн Балбайдын тизгинин тартып коюу максатында Ормон хан өз ара уруу чабыштарда аны колго түшүрүп, 6 ай бою колу-бутун кишендеп, 40 кез орго салдырып коёт. Туткунда жатканда кулагын кестирип, далысына көк таш тыктырып кыйнаган кыйноолору, көргөзгөн ыза-кордуктары ичине кеткис кек болуп түйүлгөн. Боронбай баш болгон билермандар аны 40 күлүк ат тартуулап бошотуп алышат. 1854-жылы Ормон хан өзү баш болуп, 300 дөй кишиси менен бугу уруусунан кун доолап келген ою ишке ашпай кандуу кагылышууда Балбайдын колунан каза болот.

Баатырдын өмүрүндөгү эң катаал кайгылуу окуялар Ормондун өлүмүнөн кийин болду. Эрегиштин арты ушинтип эле бүтпөстөн, кайрадан Ормондун кунун кууган сарыбагыштар өз ара чабыштарын улантышкан.

1866-жылы ага элди көтөрүлүшкө үндөп уюштурган, орус аскерлеринин душманы деген жалган жалаа жабылып, кысым көрсөтүлүп, айласыздан эли-жерин таштап, карыган чагында Кытай жерине качып барып, баш калкалоого аргасыз болот. Текестин “Ак-Корум” деген жеринен ооруп жатканда Полторацкий жетектеген 160 орус аскерлеринен турган рота менен курчоого алып, Балбайды кармап кетет. Элге кадыр-баркы бар баатырды өлтүрүүдөн чочулашып, Алматы түрмөсүндө көпкө кармашат. Акырындык менен уулантып, тымызын жок кылууну көздөшүп, тамагына эң күчтүү “цианистый калий” уусун кошуп беришсе да, уу коргошун чайнап жүргөн баатырга ал таасир эткен эмес. Жанындагы чогуу жаткан жолдоштору “мүрт” өлүшкөн. Буга далил архивдеги 29/1576 №139 ИД,9 деген маалымат же “корутунду актысы” күбө.

Жаткан жери сыз болгондуктан эски оорусу кабылдап кетип, ахбалы оордогондо туугандары, достору начальникке “пара” беришип түрмөдөн чыгарып алышат. Дербишалы ажынын үйүнөн 1867-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эл жерине жетпестен арманда кеткен баатырдын сөөгүн киндик каны тамган жерине жеткирүү мүмкүн болбогондуктан, этин шылып, сөөгүн серкенин чаначына салып келишип, Көл башына азыркы күмбөзү турган жерине коюшкан.

Балбай тууралуу такталган же али тактала элек маалыматтар көп. Учурда окумуштуу тарыхчылар, адабиятчы-жазуучулар ар тараптан изилдешүүдө. Ал тууралуу жазуучу- акын К. Маликов “Балбай” деген поэма жазса, Ж. Кенчиев «Балбай баатыр баяны», эл жазуучусу Э. Турсунов композитор А. Мурзабаев менен биргелешип “Балбай менен Ормон” аттуу операнын либреттосун жазышкан.

1991-жылы Балбайдын 200 жылдык торколуу тою жалпы коомчулук тарабынан белгиленип, күмбөзү кайра калыбына келтирилди. Балбай баатырдын ысмы  Сары-Булак айылына берилген.

Көргөзмөдө Балбай жөнүндөгү китептер, макалалар, илимий эмгектер, газета-журналдык материалдар коюлду.

Көргөзмөнүн ачылышына коомдук ишмерлер, акындар, жазуучулар, тарыхчылар, илимдин, маданияттын кызматкерлери, коомчулук, студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: