Menu

УЕФА орус футболчусу Дмитрий Тарасовдун жосунсуз жоругун иликтей баштады

Бөлүшүү:

Европа футбол бирикмеси (УЭФА) Москванын “Локомотив” клубунун футболчусу Дмитрий Тарасовдун аракетин иликтөөгө киришти.

16-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, 2:0 эсеби менен түрктөр жеңип чыккан оюн аяктаган соң “Локомотивдин” жарым коргоочусу Дмитрий Тарасов үстүндөгү жеңил кийимин чечип, майкесиндеги Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү менен “эң кичи пейил президент” деген жазууну көрсөткөн.

Орус футболчусунун мындай кадамы күйөрмандардын кыжырын келтирди.

Тарасов өзү президентке болгон мамилесин көрсөткүсү келгенин айтты.

“Путин – менин президентим. Мен аны сыйлайм жана бардык жерде колдоого даярмын”, – деди ал орусиялык спорттук жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде.

“Локомотив” жана “Фенербахче” тайпаларынын ортосундагы беттешүү өткөн жылдын этегинде Түркия Сирия менен чек арасынан орус учагын атып түшүргөндөн берки эң чоң спорттук иш-чара болуп калды.

Түркия орус учагы өз аба мейкиндигин бузганын билдирсе, Орусия бул айтылгандарды четке кагып, Анкарага каршы бир катар санкцияларды киргизген.

Тарасовдун адепке жатпаган жүрүм-туруму 17-мартта каралат. УЕФА анын аракети менен оюндун эрежелери бузулду деп эсептөөдө.

Регламент боюнча Тарасов 10дон ашык матчка катышуудан четтетилиши мүмкүн.

“Локомотив” футболдук клубу да Тарасовдун кылганын туура эмес көрүшүп, ЕУФАнын позициясын кубаттады. Клуб футболчунун мындай кылыгын эч ким билген эмес деген билдирүү таратып, Тарасовго сөгүш жарыялай турган болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: