Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иштерин жүзөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) биринчи инстанциянын судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасын баштады.
Комплекстик окуу программасы 2013-жылы 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеӊешинин Төрагасы тарабынан бекитилген.
Окуу программасы материалдык жана процессуалдык укукту терең изилдөө, сот көндүмдөрү жана этико-деонтологиялык блоктордон турат. Окуу программасынын узактыгы 20 окуу күн, 8 академикалык саат күнүнө. Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеӊешинин Эксперттик-окуу комиссиясына жиберилет.
Комплекстик окуу программанын графиги: I топ: 15-февраль – 15-март;
II топ: 22-март – 19-апрель; III топ: 25-апрель – 25-май.
Окуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда өтүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ