Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 19-февралынан 23-февралына чейинки аба ырайы
Бишкек шаарында 19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Сыдырым жел жүрөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° суук, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Сыдырым жел жүрөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болушу күтүлөт.
19-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт.
20-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
21-февралы күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
22-февралы күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
23-февралы күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ