Menu

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Эртең Таласта өтө турган форум бийликке каршы нааразычылык акциясына айланып кеткени турат”

Бөлүшүү:

“Эртең, 19-февралга укук коргоочу Серен Бейшенов демилгелеп өткөрө турган калктын социалдык абалы тууралу төгөрөк столду бузуу үчүн Таластын губернатору Байыш Жуманазаров менен анын орун басары Данияр Кеникеев кийлигишип, аны Экономикалык форум деп жарыялап жиберишти, бирок алардын мындай айлакердигине ачууланган жарандар эртең обладминистрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгууга даярданып жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 18-февралда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Таластан Апрель Баатыры, КСДПчы Төлөгөн Наралиев.

“Эл бүгүнкү бийликтин саясатына нааразы жана Нарындыктар менен Аксылыктарды колдоого даярданып жатышат. Таластыктар негизинен бийликке 3 талап коюп жатышат. Биринчиден, төө буурчактын баасынын негизсиз төмөндөшүн көзөмөлдөп бааны көтөрүү. Экинчиден, электрэнергиясына болгон бааны төмөндөтүү. Үчүнчүдөн, Жерүй алтын кенин казууга мораторий жарыялоо. 2013-жылы төө буурчакка баа көтөрүлүп, 1 килосу 100 сомго чыкканда Атамбаев Таласка жетип келип, “бааны биз көтөрдүк, Максим Бакиевди кууп жибердик эле коррупция жоюлуп, Бакиевдин учурунда 1 килосу 50 сом турган төө буурчактын баасы өзү эле көтөрүлүп, 100 сомдон ашты” деп мактанган. Эми былтыр 30 сомго түшсө да, быйыл 17 сомго түшсө Атамбаев оозуна суу уурттап алгансып унчукпайт. Эмне, Максим Бакиев Кыргызстанга кайра келдиби? Же Атамбаевдин балдары Сейит менен Семетей да Максимге окшоп төө буурчак менен иштей башташтыбы? Атамбаев төө буурчактын баасынын түшүшүнө Бакиевдер күнөөлүү дебеди беле? Электрэнергиясынын баасын Бакиевдерге караганда эки эсе көпкө көтөрдү. Эми апрелден баштап дагы көтөрөт экен. Биз мындай коррупциялык иш-аракеттерге каршыбыз. Атамбаев электр арзан болот деп элди алдап кетти. Эл эртең бийликтин алдына мына ушул талаптарды койгону жатат”, – деди Таластан Апрель Баатыры, КСДПчы Төлөгөн Наралиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: