Menu

Фото – Акын, журналист, маркум Орозалы Карасартовдун “Нөшөр” ырлар жыйнагынын бет ачаары болуп өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, акын, жазуу, журналист жана коомдук ишмер, “Аймак” коомдук саясий гезитинин негиздөөчүсү Орозалы Карасартов атындагы “Журналисттик чеберчилик жана практика” каанасы жана анын “НӨШӨР” аталышындагы ырлар жыйнагынын бет ачаары болуп өттү.

Бүгүн, 18-февралда акын, жазуучу, белгилүү журналист Орозалы Карасартовдун бул дүйнөдөн өткөндүгүнүн 1 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде О.Карасатов атындагы практикалык жана журналисттик чеберчилик” каанасы ачылды. Аны менен кошо акындын “Нөшөр” аттуу китебинин бет ачаары болуп, ага О.Карасартовдун калемдеш кесиптештери, жергиликтүү депутаттар, маданият кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын ректор-проректорлору жана бир туугандары менен шакирттери катышты.

Мындагы аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын жетекчиси Гүлжамал Рыскулова О.Карасартовдун чыгармачыл өмүрү жаш муундарга чоң таасир берээрин белгиледи.

-Белгилүү журналисттин чыгармачыл өмүрү, басып өткөн жолу, артына калтырган изи биздин студенттерге өзгөчө дем берип, журналисттик кесиптин такшалган ээлери болушуна көмөк берет. Чындыктан тайбаган, чыгармачыл инсандын артындагы изи катары каана ачып, анын экинчи өмүрү болгон чыгармачылыгын студенттерге жайылтуу биз үчүн сыймык,-дейт Г.Рыскулова.

Кечеде студенттер тарабынан О.Карасартовдун калемине таандык ырлар окулуп, аңгемелери сахналаштырылып коюлуп, анын өмүр жолу көрүүчүлөргө чагылдырылып берилди. Бул учурда акындын калемдеш замандашы, “Дил” гезитинин башкы редактору Самидин Стамбеков анын көрөгөч инсан болгондугун эскерди.

-Кимдер гана тааныбаган Орозалы Карасартов журналисттик кесибинде өзүнүн көрөгөчтүгү менен башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Ошону үчүн да анын көзү өткөнү менен экинчи өмүрү уланып жатканы көпчүлүктөн айырмаланган  инсан экендигинин далили. Мен бир гана нерсеге өкүнүп жатам, ушундай таланттуу, чыгармачылык жан дүйнөсү ашкан инсан жалаң гана чыгармачылыкка, тагыраагы өмүрүн чыгарма жазууга арнаганда дагы далай жолу калеминен не деген гана саптар, не деген гана чыгармалар жаралмак, аттиң,-дейт калемдеш агасы С.Стамбеков.

С.Стамбековдун мындагы пикирин улай эле, Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Куттумидин Базаркулов О.Карасартов жашоого жаңы реформа жасаганын билдирип, кеченин алкагында акынга арнап жазган прозасын көрүүчүлөргө тартуулады.

-Кызгалдак гүлдөрдүн арасынан дагы эле аралап жүрөт, арасынан сулуу кыздарды тандап. Аттиң, карачы ошол кездеги ден-соолуктун бекемдиги.Кызгалдак гүлдү карасам дагы эми жыттап, кармай албайм. Сулуу кыздарды көз артып көргөнүм менен көктөмдүү гүлдү суна албайм. Демек, тийишпей бирок жаным  угуп турат…,-деп жазылат кыскача прозада.

Кеченин алкагында О.Карасартовдун бир гана чыгармачылык жаатта эле мыкты эмес, саясий тармакты да мыкты өздөштүргөн журналист экени Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Сайдулла Чимбердиев тарабынан айтылды.

-Орозалы Карасартовдун журналисттик эле чеберчилигинде эмес, саясий жактан дагы күчтүү, көрөгөч, чынчыл киши болчу. Мени шаардык кеңештин депутаты кылган дагы дал ушул О.Карасартов болгон. Өз заманынын алпы жаны чындыктын атасы болчу. Биздин жадыбызда дагы ошол бойдон кала берет,-дейт депутат С.Чимбердиев.

Эскерүү сөздөрүнүн жүрүшүндө О.Карасартовдун жалаң гана жакшы жактары айтылып, коомдогу орду жогору турган, дүйнөдө чанда жаралчу адамдардын катарында экендиги белгиленип, эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун “Ардактуу” мүчөлүгүнө кабыл алынып, төш белгиси тапшырылды.

Жогоруда белгиленген иш-чарага жана  замандаштары тарабынан айтылган жылуу пикирге ыраазы болгон О.Карасартовдун жубайы, шакирти, өзү түптөп кеткен “Аймак” коомдук саясий гезитинин директору Анара Алимова акындын өмүрү уланып жатканын билдирди.

-Артында уул, кыздары, калемдеш замандаштары, өлбөс-өчпөс чыгармалары, өз колдору менен түптөгөн “Аймак” гезити турганы үчүн Орозалынын өмүрү улана берет. Ал бир келген жашоодо аз жашаганы менен саз жашады деп эсептейм. Өз өмүрүнүн акырына чейин тирүүлүк менен күрөшүп,  артына таштаган изи бизге дем-күч берип, ишин улантуубузга өбөлгө болот,-деген жубайы А. Алимова уюштуруучуларга өзгөчө ыраазычылыгын билдирип өттү.

Кеченин аягы О.Карасартовдун арбагына багышталган куран окуу менен аяктады.

Орозалы Карасартов8

Орозалы Карасартов7

Орозалы Карасартов6 Орозалы Карасартов5
Орозалы Карасартов Стамбеков

Орозалы Карасартов2

Орозалы Карасартов4

Орозалы Карасартов3

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: