Menu

Укук коргоочулар расмий Дүйшөмбүнү саясий туткундарды бошотууга чакырууда

Бөлүшүү:

Human Rights Watch (HRW) менен Norwegian Helsinki Committee (NHC) эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандын бийлигин саясий туткундарды бошотууга чакырды.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, укук коргоочулар Ислам кайра жаралуу партиясы менен “24 топ” уюмунун ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берүүнү талап кылууда. Бул 2 партия Жогорку соттун чечими менен Тажикстанда мыйзамсыз деп табылган.

Аталган укук коргоо уюмдарынын баяндамасында Тажикстанда адам укугу менен байланышкан кырдаал былтыр сентябрда Борбор Азиядагы жалгыз Ислам партиясы мыйзамсыз деп табылгандан кийин начарлап кеткени айтылат.

Документтин авторлору Түркия менен Молдовада 30 тажик саясий активисттер менен сүйлөшүүлөр болгонун, алар бийлик тарабынан камакка алуу жана кыйноолор тууралуу кабарлашканын белгилешкен. . Ушундай эле тагдыр Тажикстандан тышкары мамлекетте кармалган онго жакын оппозиционерди күтүшү мүмкүн. Тажик өкмөтү Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Түркия жана Орусиядан кармалган оппозиционерлерди мекенине кайтарууну талап кылып келет.

Баяндамада акыркы жылдары 20га жакын оппозиционерлер ар кандай шылтоо менен үч жылдан 29 жылга чейин кесилип кеткени, Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү 200дөй түрмөгө отургузулуп же үй камагына алынганы да жазылган. Алардын жетөө абактарда кыйноолорго кабылып жатканын билдиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: