Menu

«Сен сүйгөн кыргыз макалы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу эссе жазуу сынагын 2015-жылдын октябрь айында жарыялаган. Жобого ылайык, сынак 3 тур менен өткөрүлдү. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде район-шаардык, областтык жана республикалык, ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн факультет ичинде, окуу жайдын ичинде жана тандалып алынгандар республикалык сынакка катышты.

Жалпысынан сынакка келген 125  катышуучунун 41и жогорку окуу жайлардан , ал эми калган  84ү мектеп жана кесиптик окуу жайлардан  болгон.Келип түшкөн иштер каттоодон өтүп ар бирине номер коюлуп, аты-жөнү жашырылып калыстар тобуна берилди. Алар ар бирин дыкаттык менен карап чыгып жеңүүчүлөрдү аныктады.

Калыстар тобунун төрагасы педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муратовдун жана башка мүчөлөрү С.Рысбаев, А.Молдоканов, З.Ажыматов жана Ж.Абидетегин М.Токторовдордун пикиринде мыкты деңгээлде жазылган иштер жок. Ошондой эле калыстар тобу жазылган иштердин бир катары көчүрмө экендигин, көбүнчөсү интернет булактарынан, окумуштуулардын пикирлерин чогултуп даярдап беришкендигин белгилешти. Бирок ошого карабастан, жаштар бул долбоорго кызыгып аракет кылгандыгын эске алышып, жакшы деп табылган ой толгоолорду жеңүүчүлөрдүн катарына кошушту.

Баса белгилей кетчү нерсе, иштерди текшерүүдө купуялуулук толук сакталып, жеңүүчү аныкталган соң, аты-жөнү, кайдан келгендиги жөнүндө маалыматтар ачык болду.

Баш байге – Медербек уулу Адилет, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин 9-класстын окуучусу;

Мектептер боюнча

1-орун: Кабылбекова Даткайым, Кочкор районунун Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучусу;

2-орун: Күмүшбекова Сезим, Жайыл районунун А.Күрүчбеков атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучусу;

3-орун: Игамбердиева Мухлиса, Ош шаарынын №21 А.С. Пушкин атындагы гимназия-мектебинин 9-класстын окуучусу.

Кызыктыруучу сыйлыктарга: Тыныбек кызы Диана, Талас облусунун Кара-Буура районунун Ч.Айтматов атындагы орто меткебинин 10-класстын окуучусу; Казакбаева Саадат, Кемин районунун Б.Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектебинин 9-класстын окуучусу; Пазылбек кызы Аида, Жайыл районунун Полтовка орто мектебинин 10-класстын окуучусу; Майрамбекова Гүлшара, Жайыл районунун Т.Кожомбердиев атындагы орто мектептин 11-класстын окуучусу.

Жогоркуу окуу жайлар боюнча

1-орун: Канатбек кызы Өмүргүл, Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин 1-курстун студенти;

2-орун: Үркүнбай кызы Таттыгүл, Ош мамлекеттик университетинин орус филология факультетинин 1-курстун студенти;

3-орун: Бакыт кызы Фатима, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти.

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктарга Асаналиева Саткынбүбү, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти, Эркин уулу Баяман, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы, Жумабекова Жылдыз Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти, Аскарова Жибек Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти көрсөтүлдү.

Калыстар тобу сынакка түшкөн эсселерди жыйнакка чыгарууну колдогон жок. Бирок, эссенин автору катары эмес, материалды даярдоочу, түзүүчү катары жеңүүчүлөрдүн эмгектерин гезит беттерине жана сайттарга чыгаруу сунушталды.

Сынактын жеңүүчүлөрү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдору жана китептери менен сыйланышат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: