Menu

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: “Аксыда 22-февралга белгиленген митинг өткөрүлбөйт, бизге стабилдүүлүк керек”

Бөлүшүү:

Аксы районунун Кербен шаарында үстүбүздөгү жылдын 22-февралына белгиленген митинг өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган райондун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты, Апрель элдик революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков Жалал-Абад шаарындагы “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 10-февралда митинг өткөрүшүп, ага 300гө жакын адам катышкан. Анда бийликке 5 талап коюлган. Эң негизгиси, соцфонддун төлөмдөрү элди көбүрөөк кыйнап жиберди, төлөмдөр азайтылсын, мүмкүн болсо мурдагы калыбына келтирилсин – деген катуу талап коюлган.

“Экинчи талабыбыз, мамлекет тарабынан берилип жаткан жөлөк пулдар жаш ата-энелерге берилбей жатат. Балдардын ырыскысын кеспей, мүмкүн болсо тегиз берилсин. Үчүнчү талабыбыз, электр энергиясынын баасы мурдагы калыбына келтирилсин, тактап айтканда арзандатылсын, түшүрүлсүн. Төртүнчү талабыбыз  камсыздандыруу жөнүндө, бешинчиси чек ара маселелерин тездетип чечип берүү боюнча жогорку бийлик органдарына жөнөткөнбүз. Президент А.Атамбаев тарабынан соцфонддун төрөгасы М.Абылгазиев кабыл алынып, элдин нааразычылыгын пайда кылган мыйзам кайрадан кылдат изилденип, элдин көйгөйүн чечүүгө ылайыкташтырылып, соцфонд төлөмдөрү кайра кайтарылды. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин комитеттеринде электр энергиясынын баасы боюнча маселе каралып жатат. Анда 700 кВт/сааттан кийинки кошумча менимче алынат”, – дейт Ж.Надырбеков.

Ошондой эле, Аксы районунда акимчилик менен социалдык коргоо кызматкерлери айыл өкмөттөрдү кыдырып, жөлөк пулдар боюнча көнүл буруулар болуп жатат.

“Чек ара меселеси бүгүн же, эртең чечилип кетет дегенден  алысмын. Жакынкы аралыкта чечилип кетет деп бийликке ишеним артып отурабыз. Азыркы убакта өкмөт тарабынан элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө багытталган бир топ иштер башталды. Биз ага шарт түзүп, эл расында стабилдүулүктү сактоого чакырып кетебиз. Анткени көтөрүлгөн социалдык маселелер бир гана Жалал-Абад жергеси үчүн эмес, өлкөбүздүн бардык региондоруна тиешелүү экени баарыбызга маалым. Ошондуктан жалпы журтубузду  сабырдуулукка  чакырабыз!”, – дейт Ж.Надырбеков.

Анархан Жаңыбаева,

“Кабар инфо” маалымат борбору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: