Аксы элинин бийликке койгон беш талабына бүгүнкү күндө көңүл буруулар болуп, 22-февраль күнү боло турган тынчтык митинги токтотулду. Бул тууралуу уюштуруучу, апрель революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков “Көк-Арт ИНФО” маалымат борборунда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Бул тууралу Жалал-Абад маалымат борборунан билдиришти.
Анын айтымында, Кара-Жыгач айылында болгон тынчтык митингинде Аксы эли бийликке беш талап койгон. Учурда ал талаптарга бийлик тарабынан көңүл буруулар болуп, акырындык менен чечилип жатат.
“Кара-Жыгач айылында болгон митингде беш талапты он күндүк мөөнөттө коюуп, он күндө көңүл бурулбаса, 22-январь күнү кайрадан митинг уюштурмак болгонбуз. Бүгүнкү күндө үнүбүз бийликке жетип, каралып жатат. Социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшү, балдарга пасобиялардын берилбей жатканы, электр энергиясынын мурдагы калыбына келтирилиши, камсыздандыруу жөнүндө жана чек ара маселелерин чечип берүү боюнча талаптарды койгон элек. Он күндүн ичинде баарын чечип салуу мүмкүн эмес экен, дагы убакыт берилиш керек экен. Ошондуктан учурда көңүл бурулуп башталганына байланыштуу митингди токтотуп турууну чечтик. Эгерде бул талаптар ушундай болуп чечилбей кала бере турган болсо, кайрадан дагы бийликке кайрылабыз, – дейт Ж.Надырбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ