Menu

Кыргызстан тажик жарандарына жеңилдетилген паспорт алууну сунуштоодо

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен чектеш аймактардагы Тажикстандын тургундары кыргыз бийлигинен жеңилдетилген жол менен жарандык алуу сунушу түшкөнүн билдиришти.

Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун тургуну Абдухолик Абдуллоев Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин гана ал жактан жер тилкеиштетүүгө жол ачылганын кабарлады. Ал эми Исфара районунун Чорку айылынын башчысынын орун басары Абдухалил Шарифов жергиликтүү жашоочулар кыргыз тараптын сунушун четке какканын айтууда.

Баткен облусунун Лейлек районунун өкүлү болсо кыргыз атуулдугун алуу тууралуу сунуш Кыргызстандын аймагындагы жерлерди туруктуу иштетүүнү көздөгөн тажик жарандарына гана тиешелүү экенин маалымдады. Анын айтымында, тажикстандыктар Кыргызстандын жерлерин иштеткиси келет. Мындан улам аларга чек араны бузуп өтпөй, мыйзамдуу иштөөгө шарт түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы гана такталган. Чекит коюлбаган чек ара маселесинен улам эки өлкөнүн чектеш аймактарынын тургундардын ортосунда ар кандай чыр-чатактар катталып келүүдө.

Булак: centralasian

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: