Menu

Орусия: Коргоо министрлигинин чыгымдары 160 миллиард рублга кыскарат

Бөлүшүү:

Орусиянын Коргоо министрлиги экономикалык кыйын кырдаалга байланыштуу аскердик чыгымдарды 5 пайызга азайтууну максат кылууда.

Быйылкы жылдын бюджетинде мекемеге үч триллиондон ашык рубль бөлүнгөн. Бул көрсөткүч өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4 пайызына барабар. Ошентип, каатчылыктан улам кыскартуулардын көлөмү 160 миллиард рублды түзмөкчү. «Ведомости» басылмасы жазып чыккандай, негизинен мамлекеттик буюртмаларга кеткен акча 150 миллиарддай рублга азайтыла турган болууда. Мындан тышкары флоттор менен авиацияны жөнөкөй курал- жабдык менен жабдуу, кургактагы күчтөргө сарпталган каражаттар үнөмдөлөт. Ал эми Орусиянын Сириядагы операциясына кеткен чыгым ошол бойдон калат.

Орусия экономикалык каатчылыкты баштан кечиргенден бери коргоо министрлигинде буга чейин да кыскартууларга барган. Былтыр тармактын бюджети 3,8 пайызга кесилген эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: