Menu

Криминалдык хроника: 19-февраль

Бөлүшүү:

Каракчылык.

18-февралда   Чуй облусунун  тургуну   Т. Р.   арыз менен кайрылган, анда 18 февралда   болжол менен  саат 15:00 чамасында Бишкек ш. Фрунзе-Аларча көчөлүнүн кесилишинен бейтааныш  20-25 жаштагы бала белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, 1100 сом акчасын ачык түрдө тартып алган. Кылмыш изи сууй электе Биринчимай №8 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан     “Притон жана коомдук тартип” иш чаралардын убагында Бишкек шаарынын  тургуну   А. У.    кармалып тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Банги зат менен кармоо.

17 –февралда   Кыргыз Республикасынын  Башкы кызматкерлери  менен  ыкчам  өкүлү  билдирүүсү  боюнча   17-февралда  саат 22.30 чамасында Бишкек шаарынын тургуну     М. М кармалып өздүк тинтүү жүргүзүшкөндө шымынын оң чөнтөгүнөн целофанга оролгон атайын жыты бар көгүш түстөгү салмагы 5,79гр. болгон банги заты табылган (конапля) Тергөө бөлүмүнө откөрүлдү.

Ок атуучу курал жаракты өз ыктыяры менен тапшыруу.

17-февралда  Бишкек шаарынын  Ички иштер 10-башкармалыгынын ыкчам өкүлү    болжол менен саат 18.30 чамасында Бишкек шаарынын туругуну И. К.  гараждардын жанынан ящиктин ичинен ак капка салынган курал жарактарын таап  алган,  анын ичинен бир даана ME8DETECTIVE үлгүсүндөгү тапанча, – РГД-5 үлгүсүндөгү  гранатасы, -маркасы белгисиз эки даана гранатанын запалы, төрт даана маркасы белгисиз тапанчанын дүкөнчөсү  маркасы белгисиз төрт даана тапанчанын газдык балондору беш даана маркасы белгисиз тапанчанын окторун өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөзүп берген. Тергөө бөлүмүнө берилди .

Ок атуучу куралдын табылышы.

18-февралда  Бишкек шаарынын  Ички иштер башкармалгы жол көзөмөлдөө милициясынын атайын батольонун тескөөчүсүнүн   билдирмеси боюнча  18-февралда  болжол менен саат 16:30 чамасында Киев жана Совет көч кесилишинен “Грабитель, Кабель, Притон, Шипач жана Вор” рейди жүрүү  учурунда   “Даймлер-Бенц”  үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшерүү учурунда бардачогүнан документери жок болуп чыкан    Макаров үлгүсүндөгү травматикалык тапанчасы табылган айдоочусу Бишкек шаарынын  тургуну  К. У. тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Уурдоого аракет

18-феврвалда  4- Шаардык милиция бөлүмүнө саат 07.20 чамасында     22-январь 2015 жылы  Бишкек Ички иштер бөлүмүнөн Жол кайгуул милициясын атайын батальону,  кызматкеринин  билдирүүсү боюнча  анда 21-январь күнү   саат 01.25 чамасында  жанында   Опел үлгүсүндөгү автоунаасынын дөңгөлөгүн чечүүгө аракет кылып жаткан жеринен  К. У.  Бишкек шаарыны  тургундары  . М. Д .  кармалышкан. Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Банги зат менен кармоо.

18- февралда    6-Шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери    18- февралда  саат 02.10 чамасында  Бишкек шаарынын  «Народный» дүкөндүн жанынан Бишкек шаарынын тургуну  О. Б. тийешелүү автоунаасынын   Мерседес Бенц үлгүсүндөгү автоунаасынын текшерүү учурунда  авто  унаасынын 1-даана өңү жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар  кара-курайдын чайырына окшош чөптүн  табылган. Салмагы 11.5 грамм түзгөн.Тергөө бөлүмүнө берилди.

Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: