Menu

Фотобаян – Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилинен экзаменди көптөгөн каталар менен тапшырды

Бөлүшүү:

КРнын “Борбор шаардын статусу жөнүндө”  мыйзамынын 22-беренесине ылайык Бишкек шаардык мэринин кызматына сунушталган жалгыз талапкер Албек Ибраимов мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды. Мыйзамга ылайык шаардын мэри мамлекеттик тилди мыкты билген КРнын жараны болууга тийиш.

Сынактын жобосунун негизинде талапкер шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун 10 мүнөттөн кем эмес убакытта кыскача жазып жана оозеки баяндап берди. Сынактын экинчи шарты катары берилген тапшырмада көлөмү 3 беттен ашпаган текстти көркөм окуп берүүсү каралган. Тексттер мөөр басылып бекитилген конверттердин ичине салынып, талапкерге тандоо укугу берилген. Экинчи тапшырманы аткарып бүткөн соң комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү жыйынтык чыгарышты. Жобого ылайык талапкерге “тилди билет” же “тилди билбейт” деген гана бааны ачык түрдө берүүсү зарыл. Талапкердин аткарган тапшырмаларына ылайык комиссиялык топ “тилди билет” деген тыянакка келишип, мамлекеттик тилди мындан да мыкты өздөштүрүү менен сабаттуулугун жогорулатууну сунушташты.

 Мамлекеттик тил боюнча сынактык комиссиянын курамындагылар:

– Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов

– КРнын эмгек сиңирген мугалими Нургалый Абдесов

– КР УИА нын илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор Ибраим Абдувалиев

– Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин окутуучусу, профессор Бектурсун Байсабаев

– А.Осмонов атындагы Кыргыз мамлекеттик китепканасынын директору,  профессор Жылдыз Бакашова

– К.И.Скрябин атындагы КУАУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Светлана Батаканова

– Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин окутуучусу, профессор Мырзабек Жумаев.

Мамтил экзамен Албек Ибраимов

Мамтил экзамен Албек Ибраимов3

Мамтил экзамен Эгемберди Эрматов

Мамтил экзамен

мамтил экзамен Албек Ибраимов письменный2мамтил экзамен Албек Ибраимов письменный

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: