“Кыргызстандыктар менен кошо өлкөбүздүн сот системасы да калыптануу жолун басып өттү. Судьялардын X съезди кыйла татаал, бирок, өтө маанилүү сот реформалары жүрүп жаткан учурда өтүүдө”, – деди Алмаз Атамбаев кечээ, 10-февралда Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги X съездинде чыгып сүйлөп.
“Реформанын бардык үч багыты боюнча бизде жакшы жылыштар бар. Судьялар корпусуна кирген кадрларды жаңылоо жүрүп жатат. Биз судьялыкка талапкерлерди кылдаттык менен тандай баштадык. Мисалы, акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бирине да пара алгандыгы же пара талап кылгандыгы тууралуу билдирүү жана маалымат түшкөн эмес. Ошол эле учурда бүтүндөй сот системасы боюнча мындай окуялардын саны 22ге жеткен. Бул да болсо, судьялар курамын жаңыртууга болгон биздин мамиленин туура экендигинин күбөсү. Быйыл биз бул маанилүү ишти негизинен аяктайбыз” – дейт Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ