Menu

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы жума күндөрү кызматкерлерге намаз окуу үчүн кошумча 1-2 саат убакыт бөлүп берүү мыйзам демилгесин колдошту

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш кылды.

Депутат бул мыйзам демилгесин мамлекеттик мекемелерде иштешкен, динге ишенишкен көптөгөн адамдардын өтүнүчтөрү менен көтөрүп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда 2600 мечит иштейт, аларда жума намазды окуу үчүн 400 миңден жарым миллионго жакын адам катышат. Ошол биздин жарандарыбыз Жаратканга таазим этүү үчүн, жумуштарынан уруксат сурап кетүүгө мажбур болуп жатышат. Ар бир мусулман үчүн ыйык деп эсептелип, намаз окуу  милдеттүү болгон учурда алар жумушчу орунда жок болушат. Бул кырдаал кызматкерлердин өздөрүнө да, алардын кардарларына дагы оңтойсуздукту жаратат.  Жеке менчик сектордо да, мамлекеттик кызмат көрсөтүү секторунда да ушундай», – деп түшүндүрдү Тазабек Икрамов.

Депутат жума күндөрү кызматкерлерге түшкү тамакка жана эс алуу үчүн 1 сааттан кем эмес жана 2 сааттан ашык эмес, жумуш убактысына кирбей турган убакытты бөлүп берүүнү сунуш кылды.

Бул мыйзам долбоору фракция депутаттары тарабынан колдоого алынып, парламенттин кароосуна сунуш кылуу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: