Menu

Фото – Ноокаттын базарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбайт

Бөлүшүү:

КР Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облустук бөлүмү жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматы тарабынан биргеликте Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата 16-17-февраль күндөрү Ноокат шаарынын борбордук базарында санитардык-эпидемиологиялык  рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу кызматтын пресс-катчысы Таалайбек уулу Айбек билдирди.

Ноокат шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн талапка жооп бербегени, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен жана жарактуулук мөөнөттөрү коюлбаган, шайкештик сертификаты жок товарларды кезиктирүүгө болот. Бир күнгө гана жарактуу азыктар айлап туруп калган учурлар да табылды. Ал тургай сатуучулардын уруксат кагазы да жок. Буга кошо  көпчүлүгүнүн санитардык китепчесинин мөөнөтү бүтүп калганы ачыкка чыкты. Азык- түлүктөрдүн  курамы мамлекеттик же расмий тилде жазылуусу абзел. Ансыз азыктардын жаңы же жараксыз экенин билүү кыйын.  Алармандардын көпчүлүгү товардын мөөнөтүнө маани бере бербейт. Эт саткандар үчүн базардын ичинен атайын павильон ачылган. Бирок көпчүлүгү сыртта сатышат. Ошондуктан санитардык эрежелер сакталган эмес.

Рейддин жүрүшүндө тамактануучу жайлардын санитардык абалы да текшерилип, көпчүлүгүнүн  даярдалуучу, идиш жуучу жайлары талапка жооп бербегени, кээ биринин суу канализацисынын суусу эл ичкен каналга  агып түшүп коопсуздук жаратаары байкалды.

Ноокат санитарный рейд3

Ноокат санитарный рейд

Ноокат санитарный рейд4

Ноокат санитарный рейд5

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: