Menu

Асланбек Сартбаев, журналист: “Албек Ибраимовдун сабатсыз, “2” деген баага татыктуу ишин сынактан өткөргөн Эгемберди Эрматов жана комиссиянын курамы отставкага кетсин”

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев КСДП партиясынан Бишкек шаарына мэрдикке талапкер катары көрсөтүлгөн Албек Ибраимовдун өтө сабатсыз жазган жазуу ишин текшерип, аны сынактан өткөргөн КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматовдун жана комиссиянын курамынын составы отставкага кетишин тала кылып пост жазды.

“Бишкек мэрине талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилинен сынак тапшырып атып, одоно кемчиликтерди кетиргени тангалдырды! Өзгөчө стилистикалык, орфографиялык, грамматикалык каталарды кетиргени, эң жөнөкөй сөздөрдү жаза албаганы коомчулук астында талкуу жаратты. Мындай көрүнүштөн кийин, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы токтоосуз түрдө отставкага кетип, курамы тарап кетсин! Ошол жерде мени 5 жыл окуткан агайларым дагы жүрөт, бирок, дүжүрлүктүн чеги болбойбу? Ал эми чындык жүзүндө “2” алган Албек мырза Кулматовдон калган “калбырды” кургуйга түшүрөрү эмитен эле байкалды. Адилетсиздик менен Бишкек мэри келип атса, а биз бишкектиктер качанкыга чейин унчукпай отурабыз?” – деп жазат Асланбек Сартбаев.Мамтил экзамен Албек Ибраимов

Мамтил экзамен Албек Ибраимов3

Мамтил экзамен Албек Ибраимов2

Мамтил экзамен Эгемберди Эрматов

мамтил экзамен Албек Ибраимов письменный2мамтил экзамен Албек Ибраимов письменный

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: