Menu

Таласта электрэнергияга баанын көтөрүлүшү, төө бурчакка баанын төмөндөшү, тоо-кендерин иштетүүдөгү калпыстыктарга арналган төгөрөк үстөл өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-февралда Таласта төө буурчакка баанын кескин төмөндөшүн, электр энергиясына тарифтердин жогорулашын, облустун аймагындагы тоо-кендерин иштетүүдөгү калпыстыктарды, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүн, автоунааларды жана үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруунун киргизилишин талкуулаган төгөрөк үстөл болуп өттү.

Белгилеп кетчү нерсе, 2015- жылдын жай айларынан баштап элдин нааразычылык акциялары күчөгөндө бир топ коомдук уюмдар жана жеке инсандар элдин үнүн мыйзамдуу жолдор менен бийликке жеткизели деп чечишкен эле. Бул тегерек столдо Талас эли жалаң эле көчөгө чыгып революция жасай бериш эмес, маданияттуу, цивилизациялуу жолдор менен да суроо-талаптарды кое алаарын тастыктады.

”Күн суук болсо да ар дайым эле көчөгө чыга бербей, мыйзамдуу жолдор менен тегерек стол уюштурбайлыбы”, деген “Талас Эл ынтымагы”  уюмунун жетекчиси Серен Шейшеновдун демилгеси ар тараптан колдоого алынды.

Тегерек стол кеңири форматта өттү, бирок жарандык коом өкүлдөрүнүн санына облустук бийлик тараптан чектөө коюлуп, нааразы болгондор арбын болду. Жогорку Кеңештин депутаттары, биринчи вице-премьер Аалы Карашев баш болгон жоон топ министрлер кабинетинин өкүлдөрү келип, элдин көйгөйү менен таанышып, бир топ суроолорго жооп беришти. Бул жыйынга облустун баардык мекеме жетекчилери катышты. Өкүнүчтүүсү, 19-февралда КТРКдан жана 20-февралда Талас ТВнын кечки жаңылык топтомунан жыйындын жүрүшүнөн чагылдырууда бир тараптуу (объективдүү эмес), монтаждалган маалымат берилип жатканы туура эмес болду. Элге болгон нерсени ачык-айкын объективдүү көрсөтүү керек эле. Эмне үчүн КТРК деген аты айтып тургандай коомдук канал болбой, элдин үнүн болгонун болгондой жеткирбей, Бакиев учурундагыдай “кара жашик” атын тастыктап, эски тырманы кайра басып жатат? Элден эч нерсе жашырыш болбосун Илим Карыпбеков билбейби? Карыппековду жаш кесипкөй, прогрессивдүү, новаторлук жол менен иштейт деп үмүттөнбөдүк беле?

Төгөрөк үстөлдө төө буурчактын баасынын төмөндөшү тууралуу бир топ курч, кайчы пикирлер айтылды. Таластын кай жери болбосун алтын жана башка баалуу заттарга бай экенин, Талас кут даарыган жер, элдин, келечек муундун ден- соолугу эч бир байлыкка тең эмес деген пикирин көпчүлүк билдирди. “Кумтөр”кениндеги коррупциялык схемалар жана экологияга зыян болуп жатканы, алды менен бул чоң маселе чечилмейин Таластын кен байлыктарын иштетүүгө жол берилбесин көпчүлүк катышуучулар билдирди. “Кумтөр” кенинин мурдагы келишимдери бир тараптуу “денонсация” жолу менен бузулуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына чечилсе, анан башка кен байлыктар жөнүндө сөз кылса болот. “Жерүй”, ”Андаш” “Талдыбулак”, ”Шыралжын”, “Вертексголд”  кендери боюнча кыскача пикир алышуулар болду. Социалдык төлөмдөр мыйзамы Элдин социалдык катмарына карама-каршы келээри жана пикири менен эсептешпей, мүмкүнчүлүгү эске алынбай чийки болуп калганы, кандай гана болбосун бюджетти элдин эсебинен көбөйтүү аракети экени өкүнүчтүү  жана кайра карап чыгууну туура деп чечилди.

Электрэнергияга тарифтин көтөрүлүшү кескин сындалып, учурунда Атамбаев менен Текебаев баш болгон арзыматтар тариф 1,50 сомго көтөрүлгөндө элди нааразычылык акцияларга көтөрүп, светке болгон тарифти 0,70 сомдон да арзан кылса болот дешпеди беле.  Былтыр 30-июлда ЖКнын акыркы отурумунда (жайкы каникулга чыгаар алды) депутаттар жоопкерчиликтен качып, бул маанилүү маселени чечүүнү Өкмөттүн полномочиесине берип салып, ушул акыйкатсыздыкдын айынан элдин жон терисинен кайыш тилинүүдө.

КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков мурдагы Ширшовдун түзүп кеткен коррупциялык схемасы азыр да иштеп жатканы жана ал схема жоюлмайын электрэнергияга болгон тарифти түшүрүү кыйынга турат деп айтты. 700квт.деген чектөө үч эсеге  көтөрүлсө, демек болжолу менен ылдыйкы төлөмдүн наркы 2100 квт.болсо, эл түшүнүү менен кабыл алат эле деген сунуштар болду. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамга каршы келип, укук тебеленип жана бийлик Элдин эсебинен  налогдун кошумча түрүн ойлоп тапканы сынга алынды. Өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясы өксүп, элдин көзүнө “розовый” көз айнек тагылганы, Бажы биримдигине киргени элдин социалдык жактан коргоо механизми иштелип чыкпаганы, Өкмөттүн антикризистик программасы жоктугу, натыйжада кризиске тушугуп саясий-экономикалык экспансияга кептелгенибиз айкын болду. Өлкөбүз 70% агрардык сектор болгондуктан айыл-чарба продукцияларын экспорттоо механизми чечилбей, ушул күнгө чейин логистикалык борборлор түзүлбөгөнү, эл аралык стандартка жооп бере турган сертификаттарды бере турган лабораториялардын толук кандуу ишке кире албай жатканы жана башка факторлор Элдин социалдык-экономикалык акыбалын оорлотууда.

Кадр саясатында чоң мүчүлүштүктөр болуп жатышы, тармактарда кесипкөйлөр эмес мурдагыдай эле тааныштык, трайбалисттик жол менен ишке коюу уланып, буга эң негизги себеп квоталык-башкаруу системасы түрткү болууда.

Жыйындын акырында Таласта “Чынгыз-Ордо”комплексин куруу пландалып жатканы жөнүндөгү маалымат кубануу менен кабыл алынды. Бул комплекс руханий мурас катары тарыхты тастыктап, улуу залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун кичи мекени Шекер айылына зор белек болот жана келечекте чет элдик туристтерди тартууга өбөлгө түзүлөт деген ойлор айтылды. Дегинкиси бул жыйынга жарандык коом өкүлдөрү канааттанган жок. Өкмөт өкүлдөрүнүн бир топ жооптору аргументтүү болбой, стандарттуу жооп болду деп эсептеймин. “Жерүй” кенинин тегерегинде  кээ бир жооптуу кызматкерлердин үстүнөн прокуратура тарабынан иш козголгону айтылууда. Иш башталбай жатып коррупцияга жол берилип жатканы азыркы учурда Таластын жаштарын нааразычылык акцияга чыгууга мажбур кылып жатат.

Умар Анарбаев 

“Акыйкат” кыймылынын лидери

 Талас облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: