Menu

Сариев: «Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү толугу менен токтотуу керек»

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 26-февралдагы Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, ар бир жетекчи жаралган маселеге ыкчам чара көрүшү керек.

«Ар бир жетекчиге тынымсыз түрдө ишкерлер жана жергиликтүү жамааттар менен жолугушууларды өткөрүп, жаралган маселелерди оперативдүү түрдө чечүү боюнча тапшырма берем. Эгер айрым маселелер Өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган болсо, тезинен демилге көтөрүп, Өкмөткө алып чыгышы керек», – деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда бизнес коомчулук менен тыгыз иш алып барып, алардын көйгөйлөрүн оперативдүү түрдө чечүү зарылдыгын Премьер-министр белгиледи.

Темир Сариевдин айтымында, бизнес чөйрөнүн учурдагы негизги маселелери катары узак мөөнөткө берилген каражаттын аздыгы, насыя алуу үчүн күрөөгө койчу каражаттын  жоктугу, өндүрүлгөн продукциянын татыктуу  баада  сатылбай жатышы, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр жана тескөөлөрдү атады.

Темир Сариев буга байланыштуу бул маселелерди чечүүнүн алкагында Инвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү боюнча бирдиктүү институтту түзүү  жана  чакан, орто бизнести колдоо максатында кредиттерин алууда кошумча күрөө менен камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик гарантиялык фондду түзүү учурда эң керектүү жана маанилүү чаралардан экенин билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: