Menu

Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү үчүн айыпталган айдоочу 2 айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Тергөө органдары сотко бөгөт коюу чарасын камак алуу түрүн тандоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылып, анда Бишкек шаарынын тургуну Карабаев Улан Курбанбекович 2016-жылдын 4-февраль күнү өзүнүн ак түстөгү “Тойтота-Виндом” маркасындагы автоунаасын Бишкек-Ош багыты боюнча башкарып бара жатып, Бишкек-Ош автожолунун 285 чакырымында Токтогул районунун Токтогул шаарында саат 13.18дерде, саатына 128 чакырым ылдамдык менен бара жаткан жеринен Жалал-Абад ОИИБнын ЖКК бөлүмүнүн кызматкери И.З.М. радар менен ылдамдыгын көрүп токтоткондо, токтобой өтүп кеткен. ЖКК бөлүмүнүн кызматкери И.З.М. ошол замат Токтогул районунун Үч-Терек айылында Бишкек-Ош жолунун 318 чакырымында кызмат өтөп жаткан Жалал-Абад ОИИБнын ЖКК кызматкери К.А.С.га мобилдик телефон аркылуу кабар берген. Саат 14:00 милициянын ага лейтенанты Н.А.С. катуу ылдамдык менен келе жаткан ак түстөгү “Тойота-Виндом” автоунааны жезл жана свисток менен белги берип айдоочуга токтотууга белги бергенде, айдоочу Карабаев Улан ЖККнын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, автоунаасын токтотпостон катуу ылдамдык менен өтүп кеткен. Жалал-Абад ОИИБнын ЖККнын ага тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Н.А. менен Токтогул РИИБнун милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын ага лейтенанты М.М. экөөсү аталган автоунаанын артынан кууп барышып, токтотушканда айдоочу Карабаев Улан автоунаасынан түшүп келип, эч себепсиз милициянын ага лейтенанты Н.А.ны бетине уруп, формасынын бир жак погонун жулуп, ага жардамга келген милициянын ага лейтенанты М.М.ди бетине уруп, формасынын погонун жулуп салган деп, Карабаев Улан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 341-ст. 2-бөлүгүндө (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасаган деп айыпталууда.

Таш-Көмүр шаардык сотунун 2016-жылдын 6-февралындагы токтому менен айыпкер Карабаев Улан Курбанбековичти кармоо мыйзамдуу деп табылган. Айыпкер Карабаев Улан Курбанбековичке карата 2016-жылдын 4-февраль саат 22:15 мүнөттөн баштап 2016-жылдын 4-апрель саат 22:15 мүнөткө чейин 2 (эки) айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Таш-Көмүр шаардык сотунун 2016-жылдын 6-февралындагы токтому менен макул болбой айыпкер У.К.Карабаевдин жактоочусу жеке даттануу менен кайрылып, Таш-Көмүр шаардык сотунун 2016-жылдын 6-февралындагы токтомунун эки айга камакка алуу жөнүндөгү бөлүгүн алып салуу менен бөгөт коюу чарасын өзгөртүп үй-камагын тандоону сураган.

Жалал-Абад областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы аныктамасы менен Таш-Комур шаардык сотунун 2016-жылдын 6-февралындагытоктому күчүндө калтырылды.

2016-жылдын 25-февраль күнү саат 11.00го карата 2-инстанциядагы соттун аныктамасына даттануу түшкөн жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: