Menu

Абибилла Кудайбердиевге дубай-салам айтышкан кыргыз генералдары

Бөлүшүү:

Редакцияда 23-февралда кызык жагдай орун алды. Мекенди коргоо майрам-шаңына карата бир катар офицер, генералдар телефон чалышып, жазуу жүзүндө кат-кабар жиберишип, экс-коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиевге  дубай-салам айтып коюшубузду суранган өтүнүчтөрүн жашыруун түрдө билдирип чыгышты. Мындай көрүнүштүн жандырмагы түшүнүктүү эле. Кыргыз чиновниктери кызматтан алынып, башына иш түшүп турганда бир кездеги жакшылыгын көргөндөр жанынан жаа бою качып, жадагалса өзүнө телефон чалгандан да коркуп калышат. А бирок, көңүл деген баарынан бийик да. Аттарын аташпаса да бир кездеги шефине гезит аркылуу дубай-салам айттырып турушканынын өзү эрдик. Мындай кадамга батына албай, салам айттырмак турсун, саламга келбей жүргөндөр канча? Не дейбиз, кыргыздын жалтанбай от кечкен генералына карата айтылган аманаттарды каарманыбыздын өзүнө жолдоп турубуз. Көрсө, “алтынды эч качан дат баспаган”сыңар, Абибилла Кудайбердиевге окшогон профессионал кадрлар кызматтан кетсе да ар убак бааланат тура. Майрамыңыз менен жолдош генерал!

Ийгилик Болсунбаев                

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: