“Жаныбек казы” тарыхый спектали Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Барпы театрынын директору Санжар Берикбаев билдирди.
Анын айтымында, “Жаныбек казы” спектаклине даярдыктар жүрүп жатат, буйруса театр күнүнө ачылыш көргөзмөсү көрүүчүлөргө тартууланат.
“ Жаныбек казы орустардын куугунтугуна кабылган, кыргыз элин сактап калган тарыхый инсан болгондуктан, бул инсан боюнча болгон маалыматтарды чогултуп, ал жөнүндө жазылып, айтылган сөздөрдү топтоп, жана журналист Жаркын Темирбаеванын бул инсан боюнча изилдеген маалыматын алып ошонун негизинде спектакл жаратылууда. Акыркы убактарда жаштар тарыхты унутуп бараткандыгына байланыштуу тарыхый инсандарга басым жасалып спектаклдер тартууланууда,-дейт С.Берикбаев.
Барпы театрында аткаруучу актерлор аздыгына байланыштуу “Жаныбек казы” спектаклин жаратууда жетишпегендиктен, театрдын башка штаттагы кызматкерлери да тартылып спектакл даярдалууда. Жалпы 22 аткаруучу катышууда, дейт ал.
Эскерте кетсек, Тарых жана маданият жылына карата ушул жылы Барпы театрынын актерлору көрүүчүлөргө жаңы беш спекталь тартуулашмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ