Menu

Жалал-Абадда көчөлөргө балатылар олтургузулууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү аракетинде 285 түп балаты отургузулду. Бул тууралуу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчисинин орун басары Канат Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагындагы борбордук көчөлөрдү жашылдандыруу максатында балатылар эгилүүдө. Жалпы 400 балаты алып келинип, учурда анын 285 түп балатысы отургузулду.

-Жалал-Абад шаарынын борбордук Пушкин, Тарсус, Ленин, С.Ибрагимов жана Манас проспектилерине балатылар отургузулууда. Бул балатылардын жарымы көчөттөрдү өстүрүүчү (питомниктен) жайдан сатылып алынды. Мындан сырткары ушул эле борбордук көчөлөргө 70-80 миң түп ар түрдүү гүл көчөттөрү эгилет.  Ошондой эле беш көчөгө тамчылатып суугарылуучу гүлдөр отургузулат. Учурда күнөсканада 100 миңден ашуун гүл көчөттөрдүн уругу эгилип, өстүрүлүүдө,-дейт К.Жолдошбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: