Menu

Фотобаян – Оштогу “Мухсин-Нур” көзү азиздер коомуна Брайл тамгасы менен жазылган Куран тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан 25-февралда Ош облусундагы көзү азиз мусулман бир туугандар үчүн атайын чыгарылган 13 томдон турган 20 комплект жалпысы 260 даана Куран китеби тапшырылды. Аталган китептерди тапшыруу аземи Ош шаарындагы «Мухсин-Нур» Көзү азиздер коомунун жетекчиси  Умаржан Иманбердиевдин үйүндө уюштурулуп, иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Фатва бөлүмүнун башчысы Равшан ажы Эратов, Даават бөлүмүнүн адиси Жолдошбек Абдуллаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Жала-Абад облусунун казысынын орун басары Оморбеков Ордобек ажы жана жалпы казыят кызматкерлери катышышты.

Ош көзү азиз6

Китептерди тапшыруу аземинде Равшан ажы Эратов жалпы көзү азиз бир туугандарга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин саламын жеткирип, белек катары тапшырылып жаткан китептер ыйык Курандын балууулуктарын үйрөнүүгө себепчи болуп, бир кадам болсо да алдыга жылууга өбөлгө болоорун белгиледи. Ал эми Көзү азиздер коомунун мүчөлөрү Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаӊы салынган көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн офистик имаратка ажыратылып берилгендигин билдирип, ал имаратты офиске айлантып курууда  демөөрчүлөрдүн колдоосуна муктаж экендигин айтышты.  Р.Эратов айтылган маселелерди чечүү боюнча облустук казыяттардын иш-пландарында атайын иш-чараларды демилгелеп аткарууну Казыларга тапшырды.
Ош көзү азиз4

Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн камкордука ыраазы болгон «Мухсин-Нур» Көзү азиздер коомунун жетекчиси  Умаржан Иманбердиев: “Энеден сокур болуп төрөлүү коркунучтуу эмес, Алланын алдында сокур болуп калуу коркунучтуу, андыктан биз дайыма шугурчулук менен жашап изденүү аракетибизди токтотпойбуз” –деп жалпы конокторго ыраазычылык билдирди. Иш-чара соңунда аталган коомдун балдары тапшырылган Куран китептерден аяттарды окуп беришти.

Ош көзү азиз3

Эскерте кетсек, «Мухсин-Нур» Көзү азиздер коомунун жетекчиси У.Иманбердиев көзү азиздер үйүндө тарбияланып жаткан балдар үчүн Куранды окуп үйрөнүүгө багыталган «Мугалим Сали» жана тажвид боюнча Алипе, «10 дуба 10 аят», «40 хадис», «Көзү азиз сахабанын өмүр баяны» аталышындагы китептерди даярдап, көзү азиздер үчүн атайын Брайн аппаратында басып чыгарган.

Ош көзү азиз2

Ош көзү азиз

Ош көзү азиз5

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: