Menu

Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: “Бийлик “Нарынга оппозицияны киргизбейбиз” деп милицияга жол тостуруп, ар бир машинаны тинтип жатышат”

Бөлүшүү:

“Бүгүнкү бийлик кайрадан мурунку режимдердин жолуна түштү. Нарынга баратсам шаарга кире бериш жерде милиция машиналарды тосуп тинтип, оппозиционерлерди издеп жатышыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 29-февралда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине экс-омбудсмен Турсунбек Акун.

“Нарындагы митингге Бишкектен оппозиция өкүлдөрү келет деп облустук бийлик “Нарынга оппозиционерлерди киргизбейбиз!” деп келаткан ар бир машинаны тинтип жатышкан экен. ДПСтин жигиттери мени тааный коюп “сизди киргизбейбиз, бизде ушундай буйрук бар” дешет. Ачуум келип кетти. “Силер адам укугун бузганга кандай акыңар бар? Мындай тыюу жолдору менен элди тынчыта албайсыңар, кайра күчөтөсүңөр” десем түшүнүшпөйт. Анан Нарын облустук милициянын начальниги Ороз Молдоисаев жолугуп калды. Баягы, бир кезде “Туке, Туке!” деп чай көтөрө чуркаган Ороз жок, өңү кумсарып алыптыр. “Жөн жүрбөсөң камайм!” дейт. Булар зордукчул заманды кайра орнотушту. 27-февралдагы митингди да болтурбай коюу үчүн Аманбай Кайыпов баш болуп, облустун милициясы, УКМКсы, прокуратурасы уюштуруучуларды, комиссия мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп таратышыптыр. Элдин социалдык укуктарын коргоо комитетинин координатору Эркин Асаналиевди да куугунтукка алышкан. Бул бийлик адам укуктарын сыйлабай өз билемдикке салып жатканы өлкөнү жакшылыкка алып келбейт. Нарында эл толкуганы турат”, – деди Турсунбек Акун.
 Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: