Menu

Илим жана Турмуш, Ч.Айтматов атындагы Тил жана Адабият институту, Кол жазма фонду

Бөлүшүү:

Журналист Турат Акимовдун билдирүүсүнө каршы биринчилерден болуп коомдук ишмер Кайып Шери каршы пикир айтып чыккан. Ал Турат Акимов Абдил Сегизбаевдин заказын аткарып жаткан жокпу деп анын билдирүүсүн күмөнгө алган эле. Ошондон кийин, биз 2005-2010-жылдардагы эки революциянын каарманы Кайып Шериге өзүнүн күмөн саноолорун дагы толугураак тактап айтып берүүсү  үчүн кайрылдык. Жыйынтыгында көп сырдын башы ачылгандай болду.

– Сиз 2005 жылы  жана 2010 жылдардагы революцияларга катышкансыз, туурабы? Азыркы Атамбаевдин тегерегиндеги Акаев-Бакиевдердин кадрларын жакшы эле билсеңиз керек?

– Ооба, албетте.  Анан калса, Атамбаев өзү кесиби боюнча котормочу-жазуучу болгондуктан бул ошол Акаев-Бакиевдин пресс-кызматынын кызматкерлерине ставканы коюп жатпайбы. Булар “өлкөнү өнүктүрүү боюнча адиспиз,  Акаев- Бакиев бизди байкабай жүргөн” деп Атамбаевдин башын айландырып алганбы, айтор кайсы кызматта болбосун ошол Акаев менен Бакиевдин кадрлары отуру. Малеванаянын куйруктары Темир Жумакадыров өлкөнүн коопсуздук кеңешин башкарып жатса, Илим Карыпбеков деген неме ОТРКны “кара жашик” кылып алып, элдин башын айландырып жатат. Максимдин “любимчиги” экенине сыймыктанган Сапар Исаков өлкөнүн тышкы саясатын жөнгө салып жатат. Ал эми Акаевдин куйруктары Фарид Ниязов Президенттин Аппаратынын башчысы болуп олтурса, 2005- жылы 24-мартта Ак үйдөн сабалып куулган Абдил Сегизбаев өлкөнүн коопсуздук кызматын жетектеп жатат. Мен баарынан да ушу президент Атамбаевдин өлкөнүн коопсуздук кызматтарын  эч атайын билимдери жок Темир Жумакадыров менен Абдил. Сегизбаевге ишенип берип койгондугуна таң калам. Бүтүндөй дүйнө терроризмден жабыр тартып жатканда Атамбаев буларды мындай өтө жооптуу  кызматка коюуга эч моралдык укугу жок болчу. Бул президенттин аброюна шек келтирип жатат.

– Балким булар өзүлөрүн Президенттин аппаратында иштеп жатып көргөзө алышканынан улам Атамбаев буларга ишенип жатса керек да?

– Буга чейин булар анчейин деле чоң кызматтарды аркалаган эмес. Темир Жумакадыров  «Кеменгер» деген НПОдо жүрдү. Анан ошондон бийик секирик жасап, коопсуздук кызматынын секретарлыгына олтурду. А. Сегизбаев пресс-кызматтан башка иште иштеген эмес.. Ошондон улам журналисттер арасында “Коопсуздук кызматын мурдатан эле Президенттин аппараты көзөмөлдөп келген жана «юпигейт», «саруугейт», «Муфтийгейттер» Президенттин аппараты тарабынан иштелип чыккан” деген сөздөрдүн чындыгы бар го деп ойлойм. Балким, Темир Жумакадыров, Абдил Сегизбаевдердин ошол операцияларга тиешеси болгон. Себеби, бул операциялар күндөп-түндөп ОТРКдан берилип жатпады беле. Анан калса, буларга «Кыргызалтындын» кызматкерлери байма-бай кирип турушканы бекеринен эмес болсо керек.

Анда бул кызматта да булар көп нерселерди жасашы мүмкүн эле да. ММКларда СИЗОдон качкан зектердин өлтүрүлүшү УКМК тарабынан жасалган атайы операция болгон деген сөздөр бар. Бул боюнча генерал, офицерлердин атайы билдирүүлөрү да болду. Экспертизанын негизинде СИЗОнун башчысы Телтаевдин тумчутурулуп өлтүрүлгөндүгү тастыкталды.

– Адил Сегизбаев УКМКга кызматка  2014-жылдын 1-августунда келсе керек эле. Мына ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин эмне гана окуялар болгон жок. Канжар Кадыралиев, Турсунтай Салимов, Чыныбай Турсунбековдордун заказ иштери. Бул иштердин баары КСДПны тазаланып жаткан партия деген пикир жаратуу үчүн ишке ашырылды дешет. Албетте, бул иштин башында УКМК турду да. Бул кызматсыз, мындай иштерди жасоо өтө кыйын.

Анда бул проблемаларды көтөрүп чыккан «Азаттыктын» журналисттери Жанар Акаев, Улан Эгизбаевдер УКМКнын заказын аткарышканбы?

– Мен канчалык так экенин билбейм. Бирок, ММКлар жазганы боюнча Улан Эгизбаев, Адил. Сегизбаев, Президенттин биринчи аялы үчөө аталаш бир туугандар. Улан Эгизбаев менен Жанар Акаевд да «Азаттыктын» журналистери. Абдил Сегизбаев УКМКга келгенден кийин бул кызматтын ресурстарын пайдаланып активдүү аракеттерге өткөндөй. Жанар Акаев бекер тандалып алынган эмес. Себеби, ошол кезде УКМК «жаңы жүз» операциясын иштеп чыгып, анын негизги каарманы кылып Жанар Акаевди пайдаланууну чечкен. Бул жашыруун болду. Бирок, Жанардын акыркы иштери анын артында УКМК тургандыгын ачыктап койду. Мисалы, ЖК имаратына «намазкананын» курулушуна каршы чыгышы, анан Тимур Акимовдун ишин ИИМнен УКМКга  Абдил Сегизбаевге өткөрүп берүү боюнча билдирүү сунушу. Түштүктүк саясатчы эч убакта намазкананга каршы чыга албайт да. Болгондо да бул демилге парламенттин спикеринин колдоосуна ээ болуп жатса. Ошого Жанар Акаевдин аркасында УКМК жана Абдил Сегизбаев турат деп айтсак болот.

– Мындан башка да кыйыр же түз далилдер барбы?

– Мен ЖКнын өткөн чакырылышындагы депутаттар, сот, прокуролор менен тыгыз мамиледемин. Алардын айтымында Канжар. Кадыралиевдин иши боюнча Жанар Акаев менен Абдил Сегизбаев артыкча кызыкчылык артып келишкен. Бул боюнча соттор депуттартарга эле эмес, өз каналдары аркылуу президентке да даттанышкан жери бар. Президент угуп, өзүнүн пресс-катчысын чакырып, «тумшугуңду ар жерге сала бербе» деп катуу сөз болгон экен. Себеби, президент Канжар Кадыралиевге каршы заказ жасагандарын билсе, булар менен башкача сүйлөшмөк. Анткени Канжар Кадыралиевдин атасы, иниси Орунбай Түштүктөгү этникалык кагылышта элдин суранычы менен Өзгөнгө координатор болушуп, бул жактын элин аман алып калган экен. Ошого анын кызы КСДПдан депутат болгон. Атамбаев шайлоолор учурунда Өзгөнгө эл менен жолукканда булар да чакырылып, анын кызына сөз беришкен. Бирок, УКМКга ОПГ менен байланыштуу фамилия керек болгон окшойт. Заказ болбосо, кыргыз-өзбек конфликти бүтүп, Канжардын иши эле бүтпөй коймок беле.

Өткөндө сиз президенттин шоопуру жана Абдил Сегизбаев сизди коркуткандарын айттыңыз. Ал эмес, кафеден чыгып келатканда белгилүү журналист Азизбек Келдибеков экөөңүздөрдү белгисиз бирөөлөр сабап кетишкенин да кыйыттыныз. Ушуга кененирээк токтолсоңуз?

– Бул маселе жеке биз жана бул иштин артында тургандардын маселеси. Ошондуктан биз арыз менен эч жака кайрылган жокпуз. Убагы келгенде алар кечирим сурашат деп ойлойм. Бирок, 2005-жылы 24- март күнү мен Абдил Сегизбаевди тепкилеп жаткан топтон коргоп, аман алып калган элем. Анан бул аны унутуп коркутуп жатканына таң калбай койбойм. Адамдар бат эле баарын унутуп калат экен да.

 – Абдил Сегизбаевдин Акаевдин учурунда да ушундай бийликти одоно колдонгондугу тууралуу пикир бар. Кыязы, ошондон улам 24мартта аны жаштар тепкиге да алышкан. Сиз муну тагыраак билсеңиз керек?

– 2005-жылдын 24-мартына чейин Фарид Ниязов,  Абдил Сегизбаевдер ошол кездеги оппозиционер Алмаз Атамбаевге каршы иштеп жүрүшчү эле. Акаевге Атамбаев жөнүндө ар кандай маалыматарды алып кирип турушкан. Анан Атамбаев буларга азыр кантип ишенип жатат деп түшүнбөйм келгем. Бирок, бул жөнүндө ММКларда чыккан маалытматардан улам булар мурда эле Атамбаев менен бирге болгон турбайбы деп калдым. Себеби, Абдил.Сегизбаевди анын апасынын подружкеси Токтайым Үмөталиева «Сорос» фондунан жетелеп келип, Осмонакун Ибраимовго тааныштырат. Ошентип ал пресс-секретарь болду. 2005-жылы 24- мартка жакын Президенттин аппаратынын жетекчиси Тойчубек Касымов менен Осмонакун Ибраимов бири-бирин колдобой, эки башка саясат жүрүгүзүшкөн. Ошол кезде Осмонакун. Ибраимов менен Абдил Сегизбаев эфирдин бетинен түшпөй, күн сайын теледен чыгып, элдин кыжырын келтирип турду. Тойчубек Касымов Абдил Сегизбаевди катуу демитип, “сен эмне эле тырындайсын «Сорос» фондунан үйрөнгөнүң ушубу? Таптаза туура эмес кетип жатасын, президентти уят кылып койбо” дегендей болгон экен. Анан 24- мартта эртен мененки саат 09.00. Осмонакун Ибраимов өз арызын жазып, Ак үйдөн чыгып кеткен. Башкача айтканда, булар “Атамбаев бийликке келип калса, кайра келебиз” деген өз ара келишимдердин негизинде сатып кетишкен. Бирок, Бакиев “мен президент болом” деп, сөз укпай, бийликке келген. Мына азыр да Осмонакун Ибраимов, Чынара Жакыпова, Токтайым Уметалиевалар  Атамбаев менен Абдил Сегизбаевди ачык колдоп жатышат.  Баса, ошол кезде Абдил Сегизбаевди чет өлкөлүк элчиликтерге, коомдук уюмдарга маалымат ташып жатабы деген да кооптонуулар болгон экен. Азыр да ал бийликке «Азыттык», ж.б. ар кандай чет элдик уюмдарда иштегендерди тартып жатышканы байкалуда.

Эл арасында Атамбаевдин эң жакындарынын бири Сагын Абдрахманов менен террорист деп куноого тартылып жаткан Э. Абдрахманов ага -ини экендиги айтылууда. Ал эми Бишкектин мэри болуп дайындалган  Албек Ибраимов (Эркин Кунакунов) менен террористтерге жардам берген деп СИЗОдо камалып жаткан Максат Кунакуновдор да тууган экенидигин ал өзү жар кылды. Бул СИЗОдон качкан зэектерге каршы атайы операция колдонулган деген пикирди ачыктап жаткан жокпу? Булар шпион эмеспи?

– Мен Сагын менен Эдилдин кандайча тууган экендигин билбейт экем. Эгер андай болсо, анда сиздер УКМКны талылуу жерден кармадыңыздар. Минтип кармалуу өтө уят. УКМК кызматы үчүн. Бул деген УКМКны, Темир. Жумакадыров, Абдил Сегизбаевдер толук банкрот кылды дегенге барабар. Менимче, депутаттык комиссия түзүп, бул ишти изилдеп чыгыш керек. Бул улуттук коопсуздук кызматынын ресурстарын, күчүн одоно колдонууга жатып калат. Мунун арты менен президент Атамбаевге да импичмент жарыяланып калышы мүмкүн. Себеби, УКМК адамдардын өмүрүнө коркунуч туула турган чон операцияларды президент менен макулдашмайын жасай албайт. Ал эми бул операциянын айынан 14 адам жана операция учурунда кесипкөй эмес, шалаакы аракеттердин айынан  түнкүсүн атып өлтүргөн бейкүнөө эки адамды кошкондо 16 адам каза тапкан.

– Анда Сиз Жанар Акаев, Турат Акимов баары бир өрүмдөгү иштер деп жаткан турбайсызбы?

– Ооба. Так ошондой. Булар Жанар Акаевдей кылып, Турат Акимовду да колдонолу деп чечишсе керек. Себеби, бийлик бүгүн өз аброю түшүп кеткендигин билип жатат. Ошого азыркы бийликте олтурган акаев-бакиевдик кадрлар Турат Акимовду өзүлөрүнө кошуп, кичине элди алдай туралы деп чечишкендир. Турат Акимов балким аны пайдаланып жатышканын билбей да калгандыр.

– 2010-жылдын 7- апрель күнү бийлик борбордук аянтта элди атып жатса,  “Атамбаев душ кабыл алып үйүндө олтуруп алган” деген сөз бар. Ошол күнү Атамбаев менен Суваналиев бир пикирге келише албай, экөөнүн ортосунда жарака кеткен деген сөз бар?

– Ал мындай болсо керек. Аянттагы балдар Атамбаевди күтүп калдык. Бирок, ал жок. Бир маалда “Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Бабанов, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев,  Дүйшөн Рысалиевдерди алып Алмаз. Атамбаевдин үйүнө кетишти” деп калышты. Барса, Икрам Илмиянов менен Болот Сүйүнбаев ошол жерде экен. Шопур адатынча келгендерге эшикти ачып-жаап киргизип, чыгарып туруптур. Үйгө Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Бабанов, Мелис Турганбаевдер кириптир. Атамбаев диванга кериле жатып алып кабыл алыптыр. Ал Бабановду «ии, эми келдиңби?» деп кагып-силкип, Мелис Турганбаевди омуроолоп калыптыр. Өмүрбек Суваналиев  “эй, Алмаз токтот! Мен сага балдарды алып келдим. Эптеп токтолу, тиги жакта жаштарды атып жатышат. Жаныш түштүктү көтөрүп чоң чатакты баштап жибериши”  мүмкүн деп сез берсе, анда Атамбаев “кытай тууганым, сен ким болгун келет? ИИМге министр же УКМКны ал дейт. Суваналиев “сен эмне, мага кызмат бергидей президент болуп калдыңбы? Алмаз жүр аянтка, элге чык. Чоң чатак башталгыча эптеп убакытты утуп. Абалды сактап калалы. Мелис Турганбаевди Бишкек ГУВДга начальник кылып дайындагыла, мен ага жардам берейин, азыр шаарды талап-тоноо, мародерчулук башталат” дейт. Атамбаев “Эч нерсе эмес, Чынгызхан деле шаарларды басып алганда үч күн талап-тоноого уруксат берген. Азыр буларды да эч ким токтото албайт. Талай берсин. Мелис Турганбаев ГУВДга начальник болуп иштей албайт”,  деп коёт. Ошол маалда Атамбаевдин аялы кирип, шорпо сунуштап калат. Атамбаев “шорпо ичкиле. Мен душ кабыл алайын” дейт. Өмүрбек Суваналиев “өлкө канга боёлуп, тымтыракайы чыкканы турса, шорпо ич дегениң кандай?. Кан төгүлүп кетти, атылган балдардын убалы кимге? Мен иштеше албайм” деп чыгып кетиптир. Өмүрбек Бабанов менен Мелис Турганбаев Атамбаевдин шорпосун ичип кала беришиптир. Ошол бойдон Өмүрбек Суваналиев “бул кан менен келген бийлик менен иштешпейм” деп канча жолу кызматка чакырышса да барбай койгон дешет. Ошого Атамбаев ага таарынып калган деп айтышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

82 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: