Menu

Кайып Шери, Апрель Баатыры: “Сегизбаев мени издесе атамдын үңкүрүнө келсин! Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып Атамбаевдин “Алтын резиденциясын” салдырып жатат”

Бөлүшүү:

– Сиз кимсиз? Бүгүн элди ушул суроо кызыктырып турат?
– Мен мекенчил, прогрессивдүү идеяларды колдогон 6 миллион кыргызстандык жарандардын биримин десем жанылбайм. Биз мекенчил прогрессивдүү жаштарды, күчтөрдү колдойбуз. Өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүн, элибиздин бакубат жашоосун каалайбыз жана ошол үчүн күрөшүп, жан тартып келебиз!
Сиз мамлекетик коопсуздук кызматынынын жетекчилерин катуу сынга алдыңыз, азыр да ал пикириңизди алмаштырган жоксузбу?
– Ооба. Мен пикиримди алмаштырган жокмун. Себеби, мени ынандыра турган башка пикир айтылган жок. Мен көп сөз кылбай, өз баамдоолорумду гана ортого салдым. Бирок, мындан да бир топ күмөн туудуруп келген сөздөрдү уккам. Бирок, баарын эле айтып элди кыжалат кылгым келбейт. Акыйкат үчүн гана, анча- мынчасын айттым.
– Өлкөнүн УКМК жетекчисине каршы пикир айтыш өтө коркунучтуу эмеспи. Бирок, айрым инсандар ушундай чууларды көтөрүп, чет өлкөдөн башпаанек табып алууну көздөшөт. Анын сыңарындай сиз да ушул максатты көздөп, Атамбаев менен Сегизбаевге атайылап тил кайрап жаткан жоксузбу? Сегизбаевге тийишип коюп, качып кетпейсизби?
– Мен анчейин деле, чоң бир нерсени айткан жокмун. Болгонун болгондой, өз пикиримди айтып койдум. Менде өлкөдөн чыгып кетейин деп, башпаанек издөө максаты жок. Мен эч кайда качпайм. Ата-бабам 1916- жылы кыргын болуп жатканда да далысын салып качкан эмес. Атам ак орусунун, кызыл орусунун да куугунтугун көргөн. Ошол жылы атамдын 14 уулу өлгөн. Ошондой болсо да, туулган жерин, мекенин таштап кеткен эмес. Көп жылдык өмүрүн бала-бакырасы менен аска-зоодо, үңкүрдө өткөргөн. Азыр да Шеринин үңкүрү деген жер бар. Менин Кыргызстанда 5 сотых да жерим жок. Бишкекте баш калкалаар да жайым жок. Революцияны биздей балдар, ошол лидерлерге ишенип жасаган да. Мына Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып “Алтын резиденция” салдырып жатат деп угуп жатабыз. Менде болгону биздин урук ата-бабам, таяке-тайым жайлаган тоо таштын арасындагы ошолордун аты калган үңкүрлөр бар десем болот. Сегизбаев издесе, чет өлкөлөрдөн издеп, убара болбой эле, ошол жактан издесе болот. Издеп келсе, дасторкон жайып тосуп алам.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: