Menu

Швеция соту өзбек имамына кол салган адамды өмүр бою эркинен ажыратты

Бөлүшүү:

Швециянын Сундсвалль шаарында апелляциялык сот имам  Обидхан кары Назаровду өлтүрүүгө аракет жасаган деп айыпталган Өзбекстан жараны Юрий Жуковскийге өмүр бою абак жазасын берди.

Былтыр декабрда  швед соту  37 жаштагы  Жуковскийди күнөөлүү деп таап,   18 жылга эркинен ажыратылган болчу. Өкүмгө макул болбогон имамдын туугандары кол салган адамдын өмүр бою абакка кесилишин талап кылып доо арыз менен кайрылышкан. Натыйжада   анын жаза мөөнөтү узартылганы тууралуу 1-мартта расмий жарыяланды.

2012-жылы   Швециянын түндүгүндөгү Стромсунд шаарында өзбек президентинин дарегине сын сөздөрү менен белгилүү  болгон имам Обидхон Назаровго үч жолу   ок атылып, башынан  жараат алган диниятчы үч жылдан бери оор абалда өзүнө келе албай жатат.

Назаров 1990-жылдардын башында Борбор Азиядагы таанымал имамдардын бири болгон. Ал өзбек президенти Ислам Каримовдун саясатын ачык сындап жүрүп, бийликтин басым-кысымынан улам 1998-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. 2006-жылы Швециядан баш паанек алган.  Анын өмүрүнө кол салган деп күнөөлөнгөн Юрий Жуковский  өткөн жылы августта Орусиядан Швецияга экстрадицияланган эле.

Расмий Ташкен Назаровду 1999-жылдын 16-февралындагы башкалаадагы өкмөттүк имараттардын жанындагы жардырууну уюштурган деп айыптап, аны өткөрүп алуу аракетин улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: