Menu

Замира Сыдыкова, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, журналист: “Атамбаев деле танбаса керек, 2010-жылкы революцияны Кремль, орустарга таянып жасашкан”

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, экс-элчи, мыкты журналисттердин алдыңкы сабында турган Замира Сыдыкова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. Анда кеп башынан болсун.

Замира эже, дасыккан журналистсиз. Ар бир окуяны анализ жасап, кырдаалды баалай алган аналитиксиз. Кыргызстанда революция элдин чыдамы түгөнгөндө болобу же чет мамлекеттин биздин өлкөгө кызыкчылыгы күчөгөндө болобу, кепти ушул маселеден баштасак…

Кыргызстандабийликтин адилетсиздигине элдин чыдамы түгөнгөндө гана революция болот. Бирок аны Атамбаев деле танбаса керек, 2010-жылкы революцияны Кремль, орустарга таянып жасашкан. Эгер сырттан колдоо болбогондо бийлик алмаштыруу оппозициянын колунан келет беле же келбейт беле, аны бир Кудай билет. Бирок, чет мамлекеттиктер өздөрү келип эле кыргыз бийлигин  басып албайт. Алгач алардын максатын ишке ашыра турган топ издеп, тымызын саясатчыларды колго алат.  Маселе бышып, социалдык жарылуу чегине жеткенде гана революция жасоого кол-кабыш кылат.

Азыр оппозицияга көмүскө кол-кабыш кылган, Кыргызстанга кызыккан  мамлекеттер барбы?

– Азырынча Кыргызстанда бийлик алмаштырууга башка мамлекеттердин кызыкчылыгы бар экени  байкалбайт. Президент баш болуп, Америка менен мамилени үзүп, Россия менен мамилени бекемдөөгө аракет жасап жатат. Ошон үчүн оппозицияга чет жактан ким кол сунаары белгисиз. Саясатчылар, депутаттар, партиялар менен максаттарын ишке ашырыш үчүн мүмкүн орустар иштеп жаткандыр деген ойдомун.

– Эмне үчүн кыргыз саясатында жаз келген сайын “бийлик алмашат, эл толкуйт” деген сөздөр айтыла  берет?

– Кыргызстанда эл кыштан кыйналып чыккан сайын “жазында бийлик алмашат, революция болот” деген сөздөр айтылып, ага айрым адамдар ишенип да алышат. Андай кептердин  жаралганынын да себеби бар.  Айтайын дегеним,  тарифтер, электр энергиясы кымбаттаган сайын карапайым элдин чөнтөгүнө сокку урулат. Аны билсе да, элдин кыйналып жашаганын көрүп турса да, бийлик кымбаттатуудан өйдө боло албайт. Бийликке нааразы болгон эл  акырындык менен жер-жерлерде нааразычылык акцияларын уюштурушат. Акыбал начарлап, эл кризиске батып калган үчүн жер-жерлерде нааразычылык акциялары боло баштады.

– Айрым адамдар айткандай Кыргызстанда үчүнчү революция боло турган симптомдор байкала баштадыбы?

– Революциянын себептери жана жаралуу жагдайы тууралуу Өмүрбек Текебаев жазган китебинде токтолуптур. Эгер элдин талабы эске алынбаса, турмуш начарлап, акыбал оорлоп кетсе, эл төңкөрүш жасоого аргасыз болот. Ошондуктан, бийликти кетирүү үчүн революция жасашат. Оппозиция алсыз дешкени менен  элдин нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөй баштады.

Балким, президент Алмаз Атамбаевдин “бийликтен кетериме мынча күн мынча ай, мынча жыл калды” деп эсептеп турганы элдин толкундоосун, дагы  революция боло турган саясый кырдаалдын курчушун да алдын алаттыр…

– Алалбайт. Анткени, эсиңерде болсо керек. Акаев деле 2004-жылы “2005-жылы кызматтан кетем. Президенттик шайлоого барам дегендер даярдана берсин” деген. Бирок, турмуш чындыгында Акаевдин “мен кызматтан кетем” деген сөзү революцияны алдын алып кала алган жок. Бийликтен мөөнөтүнөн мурун кетти.  Бакиев да мөөнөтүнөн мурун кетти. Ошон үчүн Атамбаев “мынча күндөн кийин кетем” деп элди соороткону маселе деле чечпейт. Айтайын дегеним, элдин абалы оорлоп, кырдаал курчуп, социалдык жарылуу болсо президент кызматтан өзү күткөн күндө эмес, эл каалаган учурда кетип калат.

– Президенттик шайлоо ачык-айкын өтүп, эл каалаган адам президент болооруна ишенсек болобу?

– Ишениш кыйын. Анткени, “келерки президенттик шайлоо ачык айкын өтөт” деген кепилдик жок. Кыргызстанда таза шайлоо болду дегенибиз менен кандай болбосун фальсификация орун алат. Таза шайлоодон үмүтү өчкөн эл президенттик шайлоодон мурун кандайдыр бир чечим кабыл алып алышы да мүмкүн. Бирок, кандай болгон күндө дагы президенттик шайлоо корун азайтып, мамлекет жүгүн көтөрө турган адамдардын шайлоого катышына жол ачып, программасын элге жайылтууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койсок гана чет мамлекеттен илимге, билимге сугарылган азаматтарыбыз келип, Кыргызстанды көтөрүп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуп коюшу мүмкүн.

Айтканыңызга ынаналы, эл бийликке нааразы болгондо ар дайым оппозицияга ишеним артат. Ошолор бийликке келсе эле маселе чечилет деп үмүт кылат. Бирок, беш жыл мурунку  оппозиция бийликке келгени элдин турмушу жеңилдеген жок го?

– Эл бийликтин запкысынан тажап, адилетсиздигине чыдабай калганда гана жакшы жашоодон үмүт кылып, оппозицияга ишеним артат. Бирок, Бакиевдин учурунда бийликке келген оппозиция  жарытылуу деле иштей алган жок. Мамлекетти алдыга сүрөй турган  лидерлердин жоктугунан Кыргызстанда кырдаал кыйындап кетти. Элде оппозиция бийликке жетер менен берген убадаларын унутуп, элди эмес, өздөрүн гана ойлошот деген ой жаралып, анын запкысы азыркы оппозицияга да тийип, эл анча ишенбей жатат.

Акаевдин, Бакиев, Атамбаевдин кимисинин бийлиги күчтүү болду?

– Мен Атамбаевдин бийлигин эң алсыз бийлик дейт элем. Атамбаев соттогону менен баарын камай албайт. Канчалык кыйратып жатабыз деп өздөрүн алдашканы менен бул бийлик туңгуюкка такалды. Айтайын дегеним, 2005-2010-жылы жол тапканга жеңил болчу. Азыр кырдаал кыйын. 2005-жылы демократия, граждандык сектор күчтүү болчу. Көп нерсе ачык болчу. Ошондой эле бизге жардам беребиз деген донорлор көп болчу.  Азыр андайлар жокко эсе.

– Мурунку бийликти сындаган Темир Сариев деле премьер-министр болду. Бирок, бул деле мамлекеттин менчигиндеги нерселерди сатуу менен гана алек болуп калганы айтылып атат?

– Темир Сариевдин “саталы” деген саясаты балким туурадыр. Сатам десе сатар. Мүмкүн ал саталы деп көтөргөн маселе сатылыш керектир. Анткени, кайсыл тармакты болбосун бирөө менчикке алмайын, ал тармак  өнүкпөйт. Менчикке чыкмайын эч ким инвестиция салбайт. Бирок,  Сариевдин катачылыгы, проблемасы ал саталы деген саясатта  эмес, Кыргызстанды Евразиялык биримдикке  киргизип, элди кыйын абалга кептегенинде болуп жатат.

Бирок, Путиндин колдоосу менен Сариев президент болот деген имиштер бар го?

– Ким колдосо да Сариевге президент боло турган жол жок. Ал элди алдады. Ага ишенген элдин турмушу жакшырмак турсун начарлады. Сариев элдин наалатына калды. Мен “Кыргызстандын тагдыры Россиянын колунда, кийинки  президентти Путин тандайт” деген сөздөрдү укканда  арданам. Ушундай сөздөр желдей тарап, бийлик төбөлдөрүбүз Россияны карап түздөнүп жатканына, кыргыздар азыр да Советтер союзундагы  психологиядан арыла электигине таңгалам. Чынында Кыргызстандын тагдырын кайсы бир мамлекет эмес, кыргыздар өздөрү чечиши керек.

Мамлекет жүгүн  көтөрө ала турган лидер барбы?

– Биз ачык-айкын шайлоо өтүүгө шарт түзүп беришибиз керек. Ачык-айкын, таза өтүүгө шарт түзүп, шайлоо коруна көп акча сурабашыбыз керек. Ар ким өз программасын көрсөткөнгө, элге жайылтканга толук шарт түзүп беришибиз керек. Шашылыш тандай албайсың. Балким, эртең чет мамлекеттен билим алган жаш балдарыбыз келип, мекен жүгүн көтөрүп кететтир. Мындай мисалдар да бар. Прибалтиканын бир өлкөнү 1990-жылда жаш миллионер көтөрүп кеткен. Бизде да андай балдар бар.

Бишкек шаарынын мэрлигине бир гана КСДП сунуштаган талапкер чыгып жатканы эмнеден кабар берет?

– Билген, түшүнгөн кишиге бул коркунучтуу коңгуроо. Айтайын дегеним, саясый стабилдүүлүк болсо ар бир партия өздөрү ишеним арткан кишилерди мэрлик кызматка сунуштамак. Кырдаал күн сайын оорлоп, эртеңки күн туман болуп жатканы үчүн Атамбаевдин бийлигине кичине иштеп, жаманатты болгусу келбей башка фракциядагылар КСДП сунуштаган мэрди колдоого аргасыз болуп жатышат. Бул жагдай  бийликтин деңгээли түшүп, акыбалы начарлап калганынан кабар берет. Кыскасы, саясый стабилдүүлүк жок болуп жатканы үчүн кооптонуп “акаевчи”, “бакиевчилердин” кейпин кийип калуудан сактанып жатышат. Ошон үчүн “президент болом” деген дымагы бар саясатчылар да президент болууга ашыкпай  жатышат. Себеби, парламенттик башкаруу деп системаны өзгөртө салып, бир президенттин ордуна 6 баш келип, ар бирөө өз көмөчүнө күл тартуу менен алек болуп жатышат.  Ошондой эле парламенттик башкарууда президенттин эмес, премьер-министрдин ыйгарым укуктары жогору болгону да “мен кыйынмын” дегендердин тизгинин тарттырып жаткандай.

Атамбаев “оппозиция алсыз, алар эч нерсе кыла албайт2 дегенсип тоготпой турат. Бүгүн президент сестенгидей оппозиция жокпу?

– Эң негизгиси кыргыздын уучу куру эмес. Мен оппозиция алсыз,бийликтин катачылыгын айткан адамдар жок деген ойдон алысмын. Кайсыл тармак болбосун мамлекетке күйгөн, элдин эртеңин ойлогон азаматтар бар. Болгону, алар Атамбаевдин гана репрессиясынан чочулап турушат. Анткени, Атамбаевдин бийлиги кимдир бирөөнү өлтүрүп, элдин жүрөгүнүн үшүн албаганы менен тымызын соттор аркылуу баш көтөргөн кишилердин психологиясына таасир этип жатышат. Мына ошондой нерседен чоочулаган адамдар ачык нааразычылыгын айта алышпай, күрөшкө чыга албай  жатышат.

– Эмне үчүн оппозиция бир муштумга түйүлө албай чачыранды болуп жатат? Оппозиция ичинде дагы тиреш болуп жаткан жокпу?

Көп саясатчылардын күрөштөн көңүлү калды. Ошон үчүн оппозиционерлер ич ара бөлүнүп, тирешип жаткандай сезилет… А бирок эртең бир нерсе болуп кетсе, алар баары тизилип калышат, “биз да революцияга салым кошконбуз” деп.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: