Menu

Тимур Саралаев, УОКтун мүчөсү, “Жаңы муун” саясий кыймылынын өкүлү: “Эл арасында экономикалык жана тарифтик саясатка нааразычылык күчөп бара жатат”

Бөлүшүү:

Кечке эле карапайым калкты кысып, жон терисин сыйрый берсе бир күнү эсебин берип коёт.    Революция болобу же болбойбу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок бир нерсени белгилей кетиш керек, коомдун басымдуу бөлүгү учурда бийликтин тарифтик эмес, жалпы эле бүт саясатына нараазы, а бул нерсе балким негиз болушу мүмкүн.

Мындай пикирин, жаш саясатчы Тимур Саралаев “Майдан. kg” гезитине берген маегинде белгилеген.

– Тимур , жаз келген сайын кыргыз эли чоң өзгөрүүнү күткөндү адатка айлантып алды. Сиздин баамыңызда саясый кырдаал кайсыл жакка өзгөрчүдөй?

– Азыркы учурда саясый кырдаал  абдан өзгөрдү, айрымдар жыл сайын жазда-жайда өзгөрөт деп ойлошот жана өзгөрүүнү каалашат. Бирок айтып коюш керек, азыр андай эмес, саясый кырдаал курчуп баратат. Өзүңүздөр билгендей, 2-3 жыл мурун экономикалык көрсөткүчтөр бир топ жогору болчу, ошого байланыштуу элдин дагы маанайы дурус болгон.  2-3 жыл мурун кандай гана оппозициялык гений болбосун, өз ыктыяры менен элди көчөгө чыгара алчу эмес. Азыркы мезгилде, жер-жерлерде, карапайым эмгекчил калк өзүнөн-өзү эле нааразычылктарын бийликке билдирип чыгып жатышат. Аймактардагы элдин нааразычылыгы системдүү мүнөзгө айланып бара жатат. Анткени, биздин карапайым калк баардык жердеги кымбатчылыктан, кирешелердин абдан төмөндүгүнөн, массалык паракорчулктан жана ж.б. жан кейиткен көрүнүштөрдөн тажашты. Кыскасы, экономикалык жана социалдык чечилбей келе жаткан көйгөйлөр нааразычыктарды күчөтүп, азыркы тапта саясый кырдаалды толугу менен башка багытка буруп салышы ыктымал. Анын жыйынтыгы кандай болот, жалгыз Жараткан эле билсе керек.

– Электр энергиясынын жана  тарифтердин  кымбатташы  3-революцияга алып келиши  мүмкүнбү?

– Бул жерден бир нерсени так жана ачык белгилей кетели. Мен 2010-апрель окуяларында активдүү катышкам, жаракат алгам. Бирок, ага карабастан ачык эле айтам, 2005-жана 2010-жылы эч кандай элдик революция болгон эмес. Баналдуу эле мамлекеттик төңкөрүш болгон.  Революция болду деп айтып жүргөн адамдар же калп айтышат же мээлери иштебейт. Революция болгондо радикалдуу жана системдүү өзгөрүүлөр болот, бизде андай нерселер  болгон жок. Революциянын шарапаты менен болгону чөнтөк “парламентаризм” гана  пайда болду.

Ал эми тарифтер боюнча, кечке эле карапайым калкты кысып, жон терисин сыйрый берсе бир күнү эсебин берип коёт. Анткени, элдин чыдамы түгөнгөндө эч ким кармай албай калат. Элдин кандай жазалап коёрун билип, туюп турушса дагы жогору жактагылар элдин камын көргөндүн ордуна, тынбай эле, 6 жылдан бери тескери саясат жүргүзө берсе, эл дагы үмүтүн үзүп, айласыздан каяша айта баштайт.  Революция болобу же болбойбу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок бир нерсени белгилей кетиш керек, коомдун басымдуу бөлүгү учурда бийликтин тарифтик эмес, жалпы эле бүт саясатына нараазы, а бул нерсе балким негиз болушу мүмкүн.

– Өкмөт, президент өз чыгымын азайтышы керекпи же бюджетти толтуруш үчүн салыктын түрүн көбөйтүшү керекпи?

– Салыктын түрлөрү бизде жакшы эле, аларды жогорулатуу болбойт, андан тышкары бийлик ар түрдүү нерселерди ойлоп таап, ай сайын “жаңылыктары” менен коомчулукту шок кылып жатат. Андан көрө антикризистик комплекстүү чараларды көрсө туура болмок. Алардын бири катары мамлекеттик органдардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу керек. Президент, парламент баш болуп,  50%га  чейин   чыгымдарын азайышы керек. Болбосо салыктын түрүн көбөйтүп, элдин жон терисинен кайыш тилген менен пайда чыкпайт.

– Өкмөттүн, президенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Азыркы өкмөт толугу менен начар иштеп жатат. Аны ким жакшы иш жүргүзүп жатат десе,  ал сокур адам. Өкмөт жакшы адат таап алды, бир нерсе болсо эле дүйнөлүк кризиске шылтап, ал эми чындыгында кризис Орусия, Казахстан жана Кыргызстанда эле жүрүп жатат. Батышта, АКШда, Кытай, Индия, араб жана башка  өлкөлөрдө кризис эмес, анын карааны дагы көрүнбөйт. Бул жөн эле массалык башты оорутмай жана саясый-экономикалык мифти жаратмай болуп турат.

Учурда, өкмөт “Евразиялык экономикалык биримдигине киргенибиз кризистен Кыргызстанды сактады” деп айтат. Бул позициясы туура эмес деп баалайм. “Казакстан менен Орусияда экономикалык кырдаал оңолсо, Кыргызстан дагы оңолот” дейт, ушул туурабы?! Дүйнөдө 251 мамлекет бар, ал эми биздин бийлик анын ичинен 2 эле өлкө менен келечекти көрөт. Өкмөттүн, президенттин ишмердиги дурус болсо, биздин мамлекет учурдагы абдан оор экономикалык абалга такалмак эмес. Жыйынтыктап айтканда, азыркы бийликтин жалпы саясаты элге карата багытталгандай эмес, тескериче антисоциалдык саясат жүргүзгөндөй, бул көрүнүш жакшы нерселерге алып келбейт. Элдин арасында, ошону менен кошо жаштардын арасында өзгөчө экономикалык жана тарифтик саясатка нааразычылык күчөп бара жатат.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: