Menu

Кубанычбек Кадыров, “Улуттук оппозициялык кыймылдын” (УОК) лидери: “Акаев, Бакиев түптөп, бекемдеген коррупциялык схемаларды Атамбаев ийгиликтүү улантып жатат”

Бөлүшүү:

Жакында дагы бир революция болуп кетиши мүмкүнбү-жокпу, бул туурасында “Майдан.kg” гезитине УОКтун лидери К.Кадыров маек куруп берди.

– Буга чейин УОКко карата коомчулук тарабына бир топ сын-пикирлер айтылып, “социалдык тармактардан гана өз ойлорун билдирүү менен чектелип калды”, “ич ара ынтымагы жок”, “УОК чынында БОК болуп калды”, “Эл менен иштешкенди билбейт”,- таризинде сөздөр айтылды эле. Деги көздөгөнүңүздөр эмне?

– Ачыгын айтканда оппозиция бизде 23 жылдан бери эле бир бусикке толбой келген. Ошентсе да, бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, социалдык-экономикалык, саясий, эл аралык мамилелер жаатындагы мүчүлүштүктөрүн көзгө сайып көрсөткөнгө жакшы эле аракет жасап келатабыз. Оппозиция деле мамлекеттин өнүгүшүн, социалдык төлөмдөрдүн, пенсия-пособиелердин өсүшүн, мугалимдердин, дарыгерлердин маянасынын көбөйүшүн, кен байлыктардын Кыргызстандын пайдасына иштетилишин, коррупциянын жок болушун, криминалдан коомдун тазаланышын каалайт, ушул нукта иш алып баруудабыз. Бийликти бир ууч адамдардын узурпациялап алышына каршы туруп келебиз. Албетте, биздин ишибизде деле кемчиликтер кетет. Анын баарын оңдоп-түзөп кетиш өзүбүздөн, б.а. каталардын үстүнөн иштейбиз сөзсүз. Ошол эле учурда, оппозицияны желмогуз көрсөтүү бардык бийликтерге тийешелүү адат. Акаеви, Бакиеви, эми Атамбаеви да оппозицияны обу жок жаманатты кылууга ыктаган саясаттан алыстай албады. Буга чейин КЭК, кийин БЭК да бийликтин далай чабуулдарына тушуккан. УОКтун түзүлгөнүнө аз эле убакыт болду. Көп иш жасалды, бийликти ушу уктатпайт. Дал ошондуктан сиз мисал келтирген тейде бизди жаманатты кылууга умтулууда. Бул бизди кайра чыйралтат.

– Сиздер Кыргызстанды өнүктүрүү багытында өз программаңыздарды алып чыктыңыздар эле. Анын өзөгү тууралуу азыноолак кенп салып берсеңиз?

– УОКтун жакынкы, алыскы аралыктагы, анан антикризистик иш-чаралар камтылган программасын коомчулуктун талкуусуна парламенттик шайлоонун алдында алып чыкканбыз. Ал интернет барактарында жарыяланган. Менин жеке пикиримде, биз баарынан мурда кайсы башкаруу системасында жашай турганыбызды тандап алышыбыз керек. Конституция боюнча азыр бизде парламенттик башкаруу болгону менен, иш жүзүндө президенттик башкаруу болуп калды. Ошондуктан, бул маселени элге алып чыгып, чечип алыш керек. Ошого жараша кийинки кадамдарды көрсөк туура болот. Бизден айырмаланып, ушу азыр да Өкмөттүн антикризистик программасын көрө алган жокпуз. Чалды-куйду иштен өйдө боло алышкан жок.

– Сиз убагында Атамбаев менен санаалаш, пикирлеш болуп жүрдүңүз, атүгүл 7-апрель революциясынан кийин ИИМде орун басар кызматын аркаладыңыз. Сынчылар сиздин оппозицияга өтүп кеткениңизди кызматтан алып койгонуна ич күйдүлүк кылганыңыз катары баалайт. Чынында эле, революциялаш, партиялаш Атамбаев менен кай себептен тил табыша албай, берки жээкке өтө качтыңыз. “Эски дос эстен кетпейт,”- деп туруп кызмат бере койсо кетип калбайсызбы?

– Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде мен Көлдөн бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигимди коюп, 12 адамдын ичинен утуп алгам. Бирок, талапкерлердин ичинен бирөөсү соттошуп, анын айынан ал чакырылыш таркап кеткендиктен, кирбей калдым. Ошол учурда А.Атамбаев чакырып, көп маселе боюнча көз карашыбыз бирдей чыккандыктан, КСДПнын катарына кошулуп, Жогорку Кеңештин депутаты болуп калдым. Андан кийин элдик толкундоолор башталып, апрель революциясы ишке ашты. Ош окуясы чыкты. Мындай мамлекеттик чоң кайгы болбосун. Атамбаев менен жеке мамилем дале жакшы. Талаша турган нерсе жок. Бирок, Атамбаев өзү айтып жүргөн “ширшовдук-максимдик” схемаларды талкалай албай калды. Анын коррупцияга каршы күрөшү да калп. Революциядан кийин Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген маалда 500 миң доллар пара албай, мамлекетке 4,5 млн. доллар кустургам. Менин ушул принципиалдуулугум Атамбаевге жакпай калган окшойт, балээсине калдым. Ошондо мен Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшү жел ооз сөз экенин айтканымда, эч кимиси ишенбей койгон. Кызмат тууралуу айтып атпайсызбы. Оппозиция табиятында бийликти алууга кызыкдар болот, бул табигый мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошол сыяктуу, оппозициянын деле ой-максаты – Кыргызстанды өнүктүрүү. “Кумтөр” сыяктуу көкөй кести көйгөйлөрдү эл каалагандай чечүү. Мисалы мага буга чейин эле көп сунуштар болгон. Бирок, жалгыз барсаң иш кыла албайсың. Ал жакка командаң менен барсаң, кандайдыр бир ийгиликке жетишсе болот. Бийлик – Атамбаевдин менчиги эмес. Кызматты эл берет. Ошондуктан, оппозицияга реалдуу шанс беришсе, жоопкерчиликти алып, Кыргызстанды жакшы жагына өзгөртүүгө алыбыз жетет!

– Кыргызстанда жакында март революциясынын 11, апрель революциясынын 6 жылдыгы белгиленет. Сиз үчүн бул даталар кандай сезимди жаратат? Марттан кийин бийликке келгендердин убадасын унутуп, кайра эле Акаевдин даңгыр жолуна түшүп кеткени белгилүү. Ал эми 7-апрелден кийин Сиз да чогуу жүрүп, революция кылып бийликти алгандарчы? Ата-Бейитте элге берген антын аткардыбы?

– Мен да көптөгөн мекендештеримдин пикирине кошулам: 24-мартта да, 7-апрелде да чыныгы элдик революция ишке ашкан. Мисалы, 24-марттагы революциянын чыгышына эң алды акаевдик бийликтин чектен ашып кеткени, үй-бүлөсү бардык майлуу тармактарды бөлүп алганы, бажыдагы жана энергетикадагы коррупциялык схемалар, эркин басма сөзгө куугунтук, акыйкатсыз шайлоолор, Аксы окуясы, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кетиши ж.б. себеп болгон. Бийликке келген Бакиев дал ушул маселелерди чечүүгө убада берген. Акаевдин кадрларынан бийликти тазалай тургандыгын айткан. Жыйынтыгында Бакиев да мурунку президенттин жолуна түшүп алды, албетте, революция кылгандар көчөдө калып, акаевдик кадрлар аны акыры аңга түртүштү. Ошон үчүн анын президенттиги кайгылуу нукта аяктады. Ачык айтыш керек, Бакиевди деле бийликке дал ушул Атамбаев, Отунбаевалар алып келбеди беле. 7-апрелден кийин аны кууп, өздөрү олтуруп алышты, эмне өзгөрдү? Алар берген убадалар, анттары кайда? Булар да бийликке келгенде дал ошол Бакиев чечүүгө убада бергендин баарын эл пайдасына оодарууга сөз берген эле.

Биринчиси, Атамбаев Көлгө барганда, Түп жергесинде 2-3 миң адамдын алдында айткан эле: “Оң жагымда тоо, сол жагымда Көл, өйдө жагымда көк асман, Кудай турат, бу Бакиев Каркыраны казактарга берип ийген, силер колдоп, президент болуп калсам, ошол маселени чечкенге ант берем! Нураке аксакал дүйнөлүк масштабтагы чоң саясатчы, кадыр-баркы чоң, мен ал кишиге тизелесем дагы Каркыраны кыргыз элине кайтарам”,- деп. Андан бери канча ирет Назарбаев менен жолукту, бул маселени бир жолу көтөрдүбү?

Экинчиси, энергетика тармагындагы “айдардык-максимдик-ширшовдук” коррупциялык схемаларды талкалоого сөз берген. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция бакиевдик бийлик светтин баасы 1 сом 50 тыйынга көтөрүп ийгенинен чыккан. А бүгүн светтин баасын 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйынга чыгарышты го. Мына учурда маселе көтөрүлүп атат, бул бааны былтыр Токтогулда суу жок кургап калаарда Казахстандан электр энергиясын аргасыз сатып алгандагы кымбат бааны кошуп туруп аныкташты эле. А быйыл импорттолгон электр энергиясы болгон жок, а бирок, эски, кымбат баага сатып атышты. Апрелден баштап эми дагы жаңы тариф киргизүүгө жанталашууда. Өкмөттүн “жок, баа кымбаттабайт”,- деген кебин деле энергохолдинг өкүлдөрү жокко чыгарып койбодубу. Мындан улам, айтып коюу керек, элдин терисин сыйрыган адатты бул бийлик койбосо, чоң балээге калганы турат. Мунун арты эмне менен бүтөөрүн айтпасак деле, өздөрү бешке билет.

Баа саясатына бир чети Атамбаевдин балдары ортомчу болуп светти сатып аткан “Автомаш Энерго” компаниясынын дагы ишмердүүлүгү таасир тийгизсе керек. Эң кызыгы, Атамбаев өзү да балдары электр энергиясына ортомчулук кылып атканын мойнуна алды. Анын айтымында, балдары бул иш менен Акаев, Бакиевдин тушунда да шугулданган. Айдар менен Максим туруп, ушу Атамбаевдин балдары менен кирешесин бөлүшмөк беле? Ачыгында алар кетип, бош калган талааны азыркы ажонун балдары ээлеп алган окшойт. Дагы бир маселе – революция болгон убакта Токтогулдагы суунун көлөмү 15 млрд куб метрге жеткен эле, а былтыр билесиңер, араң 6,5 млрд кубду түзүп калган. Ушул жерден эле суунун сатылганы билинип калбадыбы. Болгондо да сууну ченемсиз агызганда пайда болгон светти эң төмөн баада – 1 сом 90 тыйындан сатышкан. Ошону казактардан жалдырап атып, 5 сом 60 тыйындан сатып алууга мажбур болдук. Ошондо мунун баарына ким жооп берет? Атамбаевдин тийешеси жок болсо, кана башкасынын жоопкерчиликти алганы?

Үчүнчүсү, Атамбаев: “Кумтөрдү Акаев менен Бакиев жеп кеткен, мен келсем эле бул маселени тез арада чечем”,- деген. Чечмек тургай, “Кумтөр” маселесин чечүүнү талап кылып чыккандарды бийлик эмне кылып жатат? Жалал-Абад, Сарууда “Кумтөрдү” элге кайтаруу талабы менен чыккан баатыр балдарды “спецназдын” күчү менен токтотуп коюшту. Алдын камап, азыр деле соту бүтпөй жатат. Ошондо Сарууда кандай гана окуялар болбоду. Элди үстүнөн вертолет айлантып коркутушту го. Камалганы, катуу сабалгандары ондоп саналат. Атамбаев ошончо кыйын экен, минтип өтө чоң каражат коротуп, өз элин кордогондон көрө, азыр Баткенде чек ара маселеси оор, күчтү, каражатты ошол жакка жумшабайбы? Элди сабаган “спецназына” чек араны кайтартпайбы. Өткөндө сиздердин гезит туура жазыптыр, “Кумтөр” чын эле президенттердин жеке бизнеси болуп калды. Эми уят эмеспи, “Кумтөр” долбоору башталгандан бери 280 тонна алтын казылыптыр, а Кыргызстандын алтын запасы болгону 2,5 тонна экен. Биздин бюджетке 880 млн. доллардын тегерегиндеги каражат түшсө, канадалыктар 7 млрд. доллардан ашык киреше тапкан. Ушунун баарын көрүп туруп, унчукпай, маселени улам создуктуруп жаткан президент тууралуу кандай ойдо болушубуз керек?

Төртүнчүсү, Бакиев менен Акаевдин кадрларын бийликке жолотпоого убада берди эле. Бирок, президенттин тегерегин караңыз, баягы эле экс-президенттерди аңга сүйрөгөн кадрлар айланып жүрөт. Таза кадрлар жок. Ошо качкын президенттерге кандай акыл үйрөтүшсө, бүгүн Атамбаевге да ошондой акылдарды айтып, жолдон чыгарып атат. А бул элдин турмушуна зыянын тийгизип жатат, аларга жакшы болгону менен.

Бешинчиси, Атамбаев коррупцияга каршы токтоосуз күрөш ачууга ант берген. Иш жүзүндө бул күрөш саясий каршылаштарын жазалоо куралына айланып, ажонун колтугундагы коррупционерлерге залакасын тийгизбеди. Мисал катары айталы, сөзүбүз куру болбош үчүн: КСДПнын өкүлү, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны башкарып турган убагында түштүк коогалаңынан жабыркагандарга курдурган үйлөр урап түшүп жатат. Ага бөлүнгөн бир нече миллиард сомдун дайыны жок. Сатыбалдиевдин кетирген алешемдиктерин Эсеп палатасы, депутаттык комиссия далилдеген. Бирок, Ж.Сатыбалдиев ажонун көздөй кишиси болгондуктан, суудан кургак чыгууда. Андан кийин Акаевдин оң колу, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп жүрүп “жол салам” деп, элден акча чогултуп, же жолдон, же каражаттан дайын жок дымып калган айтылуу “Жолчубек” Касымовдун күйөө баласы – Тайырбек Сарпашев 1-вице-премьер-министр болуп турганда өтө чоң мыйзам бузууларга жол ачкан. Анын тушунда Сарпашевге караштуу фирмалар жүздөгөн миллион сомдук мамлекеттик тендерлерди жеңип алган. Күнөөсү далилденсе да аргасыздан кызматта олтурат. Ал эми КСДП фракциясынын лидери, ишкер Чыныбай Турсунбековдун бийлигинен пайдаланып, Бишкек ликер-арак заводун 60 млн. сомго – текейден арзан туугандарына каттатып сатып алганы далилденди. Акыркы маалымат боюнча арак заводун Сергей Ибрагимовго 6 млн. долларга сатып ийиптир. Коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрүп аткан болсо, бул адамдар азыр жыргап, сайрандап олтурбайт эле го?

Экс-башпрокурор Аида Салянова Таш-Көмүр тендерине Атамбаевдин өзүнүн катышы бар экенин айткан. Бул маалыматты жогорку деңгээлде текшериш керек эле, бирок, айтылган бойдон дымып калышты. Жок дегенде, туура эмес айтса, Салянованын өзүн жоопко тартышпайт беле? Бирок, Салянова мамлекеттик ишмер, экс-прокурор катары ар бир сөзүн таразалап, фактыга таянып айтат. Кесепетин да мыкты билет.

Алтынчысы, “КТР Бакиевдин кара жащигине айланды, мен келсем эле аны коомдук кылып өзгөртөм”,- деген болчу. Иш жүзүндө бүгүн КТРК Атамбаевдин өзүнүн “кара жащигине” айланды. Акаев, Бакиев мезгилиндей эле оппозицияны элге бокочо көрсөтүүдөн башка иш жасашпайт.

Жетинчиси, ГКНБны (Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы) жоюп, контрчалгындоо жана терроризмге каршы күрөшкөн кызматка айлантуу керектигин айтып жүргөн. Калган кызматкерлерге чек араны кайтартмак болгон. Иш жүзүндө ГКНБ бүгүн да саясий ишмерлерди аңдууга алуудан башка иш кылбайт. Биздин ар бирибиздин артыбыздан 20дай кишиси жүрөт. Ички иштер органдарында иштеген адам катары айтсам, буга өтө чоң каражат жумшалат. Эбегейсиз акча. Андан көрө бул акча каражатын жазгы талаа иштерине жумшабайбы. Жыл сайын айдап-себүү иштерине 5-6 млрд сом жеңилдетилген кредит катары дыйкандарга берилчү. Быйыл анын дайыны жок. Алган кредитин жаба албай калышты. Мына ошолорго мамлекеттик колдоо көрсөтпөйбү?! Кыш чыгып калды. Мамлекет жазгы талаа иштерине көңүл бурбаса, абал курчуп кетиши ыктымал.

Мен өйдөдө Атамбаев өзү айткан нерселер тууралуу гана сөз кылдым. Ошонун өзүнөн эле анын элге берген убадалары канчалык деңгээлде аткарылганын баамдаса болот. Өйдөдө фактылар көрсөтүп тургандай, 7-апрелдеги революция дагы өз максатына жетпей, элдин жеңиши уурдалып кетти.

– Учурда, коомчулукта оппозициянын алсыз экендиги, бийликтин туура эмес кадамдарынын айынан сиздерге тарыхый чоң шанс берилип, революциялык кырдаал өзүнөн-өзү түзүлүп атса да колуңуздарды байлап койгондой олтурганыңыздар катуу талкууга алынууда. Негизи, сиздин баамыңызда, учурда революциялык кырдаал бышып калдыбы?

– Буга чейин жергебизде эки ирет революция болуп өттү, андан эмне өзгөрдү? Элдин талабы аткарылбай, революциялар максатына жетпей калбадыбы. Ошол эле кезде революциянын зыяны карапайым калктын өзүнө токмок болуп тийди. Андан байлар же жогорку даражалуу чиновниктер жабыркаган жок. Жеке ишкерлер жабыркады. Тополоңдон пайдаланып, кримдүйнө күч алып, ишкерлерди тоногону аликүнчө элдин көз алдында турат. Адилеттүүлүк, чындыктын ураан тутуп, курман болгон жигиттерчи? Алардын ой-тилеги – Кыргызстанда адилеттүүлүктү орнотуу болчу. Бирок, аттиң, бул бөөдө өлүм болуп калды. Элдин камын жебеген бир ууч топту бийликке алып келүү үчүн өлгөн болуп калды, мына бул баарыбызга чоң сабак болушу керек! Мына ошондо азыр бийликте олтурган чиновниктердин балдары өлүп же токмок жеген беле? Кара таман үй-бүлөнүн балдары запкы жеди. Дал ошондуктан, элди ойлоп, кайрадан андай тополоңду болтурбоого бүт күч-аракетти жумшообуз зарыл. Маселелер – сүйлөшүүлөр жолу менен бүтүшү керек. Биздин бүгүнкү күндөгү талабыбыз – эл ишениминдеги өкмөттү түзүү. Биз, УОК жоопкерчиликти моюнга алууга даярбыз. Өзүбүздүн антикризистик чараларыбызды, жакынкы жана алыскы аралыктагы программаларыбызды элдин сынына койгонбуз. Өкмөттү бизге жүктөсө, анын баарын ишке ашырууга дараметибиз жетет. Өкмөттү алсак, ошол эле энергетикадагы коррупциялык схемаларды талкалайбыз, “Кумтөрдү” иритип-чириткендин баарын жоопкерчиликке тартабыз. Люстрация мыйзамын, соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо багытында чукул реформаны башташ керек. Ушуга окшогон көп көйгөй бар, аны чечсек болот. Арийне, бүгүнкү кырдаалдан пайдаланып, элди көчөгө алып чыгуу оңой эле иш. Бирок, кайра үйлөрүнө киргизүү оор болуп калат. Ошондуктан, сабырдуулук, акылдуулук менен маселе чечкенге көнүшүбүз керек.

А бирок, кошумчалап кете турган жагдай – бийлик тоңмоюндугуна салып, элди укпаса, кесепети оор болот. Акаев менен Бакиев да бийлиги кулаарында ушинтип элди такыр укпай калган.

– Демек, “Атамбаев кетсин!”- деген ураанды алып чыгууга духуңуздар жетпей турабы?

– Духубуз жетет! Баарын алгач эл менен кеңешебиз. Эл кандай чечсе, кайсы ураанды колдосо, ошого макул болобуз. Ачык айтыш керек, учурунда Акаевдин да, Бакиевдин да шыпыргылары “оппозициянын колунан бок да келбейт”, “акчасы жок, элди чыгара албайт”,- дегендей ишенимде болушкан. Аягында оппозициянын талабын укпаган эки президент качууга аргасыз болду. Бүгүн бийликте тургандар да ошол ыкманы тандап, оппозицияны “кара жащик” аркылуу болушунча мазактап жатат. Элди, оппозицияны укпаса, буларды да качкын президенттердин тагдыры күтүп турат, ошону эскертип кетем… Бирок, сөз ачыгы – биз бүгүнкүлөрдү буларга окшоп качырып ийбейбиз, чыгарбай кармап, жоопкерчиликке тартабыз.

– Ошондо УОКтун учурдагы бийликке койгон негизги талаптары кайсылар?

– Былтыр жалпы элдик курултай өтүп, негизги талаптар катары – Атамбаевдик авторитардык бийликке каршы күрөшүү, “Кумтөр”, “Жерүй” алтын кендери (ушул жерде айта кетүүчү нерсе, убагында, 2012-жылы ушул “Жерүй” кенин чечип берүү жаатында канадалык ишкерлер Россияда жолугуп, 50 миллион доллар сунушташкан. Мен: “бул маселени бир гана эл чечет, бул элдин эркиндеги иш”- деп кескин четке каккам) боюнча коррупциялык келишимдерди денонсациялоо, светтин кымбаттоосуна каршы чыгуу, бюджетке ири киреше алып келип аткан “Мегакомду” сатуу аракетин токтотууну, энергетика тармагын коррупцияга батырган аткаминерлерди жана кримтөбөл А.Батукаевди өлкөдөн мыйзамсыз чыгаргандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, саясый куугунтукту токтотуу, бийликтин элге каршы багытталган социалдык-экономикалык саясатын өзгөртүү ж.б.  айтылган. Андан тышкары, чек ара көйгөйүн чечүүсү да талаптарда айтылган. Себеби, чек арабыз такталбагандыктан, бул чектеш аймактардагы атуулдарыбызга өтө чоң түйшүк алып келүүдө. Мына ушул талаптар азыр да күчүндө.

УОКтун 2005-жылы 24-мартта жана 2010-жылы 7-апрелде болгон элдик революциялар боюнча позициясы ачык-айкын, биз ал ыңкылаптарды, жогоруда мен да айтып өткөндөй, “өз максатына жеткен жок” деп эсептейбиз. Элдин жеңишин бийликке келген Бакиев менен Атамбаев уурдап алды. Анын кесепетинен Акаев, Бакиев түптөп, бекемдеген башкаруунун авторитардык түрүн жана коррупциялык схемаларын Атамбаев азыр ийгиликтүү улантууда. Атамбаев балдарына тийешелүү “Автомаш-энерго” ортомчу компаниясы аркылуу улуттук энергетиканы кризиске тушуктуруп, Апрель революциясында шейит кеткен азаматтардын арбагын тебелөөдө. Биздин буга чейин бийликке койгон талаптарыбызды Атамбаевтикбийлик тилекке каршы кулагынын сыртынан кетирип, мамлекеттин байлыгын сатууну улантып жатат.

Ал аз келгенсип, бийик тоолуу аймактын элинен социалдык камсыздоо багытындагы женилдиктерин алып коюшту. Милдеттүү түрдө камсыздандыруу канча чуу жаратты. Мына ушунун баарын эл көтөрүлгөн соң кайра артка чакыртып алгандай болушту. Бирок, анын баарын “отмена” кылышкан жок да. Эртең эл тынчып, жаз келип, өз көйгөйү менен алек боло баштаганда кайра анысын киргизе койбосунан кепилдик жок. Булар ооз жүзүндө айтып коюшту, а расмий бир документти көрдүңөрбү? Мен мисалы көргөн жокмун. Ошондуктан ишене албай турабыз. Бийлик ушуларды расмий түрдө биротоло жокко чыгарганда гана эл ишенет.

– УОКту каржылоо маселеси бийликти уктатпай атат. Баскан кадамың акча болуп жаткандан кийин, бийликке каршы турган уюмду акчасыз кармап, иш жасоо кыйын го?

– Биз былтыр АКШга барып келгенибизде дагы көп сөз чыккан. “Американын акчасына революция жасашат экен”,- тейде. Дароо айтып коеюн, биз акча алып келип, тополоң чыгарууну максат кылбайбыз. Башка мамлекеттен акча алып, өз өлкөсүнө тополоң салуу – душмандын иши. А биздин максат – Кыргызстанды өнүктүрүү, бийликтин көзүн ачуу.

УОК АКШ менен да, Россия менен да, жакынкы коңшулаш мамлекеттерден менен да ачык кызматташат. Ким менен, кайсы өлкөдө сүйлөшүү болбосун – биринчи орунда Кыргызстандын кызыкчылыгы турат. А “революция жасагыла”,- деп АКШ да, Россия да, башка өлкөсү да эч качан акча бербейт. Революцияны бийлик өзү жасайт. Себеби, эл бийликке нааразы болгон үчүн, айласы кеткендиктен улам көчөгө чыгат.

– Президенттин тышкы саясатын сындагандар азыр четтен табылат. Былтыр Молдовага жашыруун барып, жеке ишкер менен сүйлөшкөнү ачыкка чыкты эле. Деги Атамбаевдин тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнө кандай карайсыз?

– Баш мыйзамга ылайык, президент премьер-министр менен макулдашпай, бир да документке кол коё албайт. Бирок баш мыйзамдын жобосун бузуп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңеш президентке бул укукту берип салган. Бул үчүн 5-чакырылыштагы парламенттин жооп бере турган убагы келет.

Иш сапарлар боюнча. Эгер президент Кыргызстанга пайда алып келе турган болсо, ага эч ким каршы чыкпайт. Бирок, жеке менде андай ишенич жок. Мына мисалы, Атамбаев 2014-15-жылдары Түркияга 13-14 ирет барып келди. Ар бир сапарына кеминде 100 миң доллардай каражат сарпталарын эксперттер айтып жатышат. Атамбаев ушунча каттаганына жараша, Кыргызстанга канча инвестиция келди? Канча миллион кредит, грант келди? Тилекке каршы, мындай көңүл жылытарлык статистика жок. Андан көрө президент болгондон бери барбаган канча район, айыл-кыштактар бар. Чындап алганда Кыргызстандын бир да аймагына Түркияга каттагандай, 13-14 жолу бара элек болсо керек.

Президенттин Молдовадагы жашыруун жолугушуусу мамлекетти өтө ыңгайсыз абалга калтырды. Мамлекет башчысы биринчи учурда жеке коопсуздугун карашы керек эле. Азыр ИГИЛге окшогон террордук уюмдар көп. Эгерде президентти салып кеткен менчик учак түз эле террористтердин колуна барып консо эмне болот эле? Чакырган тарап террордук топтор менен сүйлөшүп алып, ушундай кутум уюштурбашына кепилдик жок да, туурабы? Анан Атамбаевди барымтага алып, бизде жардырууну уюштурган, элди экстремизмге, согушка үндөгөн адамдарды бошотуу талабын койсо кандай абалда калат элек?  Башында бул жолугушуу тууралуу айтпай, жашыруун калтырууга аракет жасашты. Билинип калганда, “Кыргызстан-Россия-Молдова-Евросоюздун” кызыкчылыгынын айланасында жолугушуу болгонун айтышты. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Крутько ошол замат, “бизди ага аралаштырбагыла”,- таризинде айтып чыкты го. Сиз да ойлоп көрүңүз, жеке ишкер менен жашыруун сүйлөшүп атса – кайдагы мамлекеттик кызыкчылык? Ошол В.Плахотнюк менен жолугушууну уюштурган Илан Шордун үстүнөн өз өлкөсүндө 700 миллион долларды чыгарып кеткени боюнча кылмыш иши козголгонун. Акаев да Бирштейн менен жашыруун сүйлөшүп жүрүп, “Кумтөрдү” Кыргызстандын чоң трагедиясына айландырды. Атамбаев да ушинтип дагы бир кен байлыкты соодалап жибербегенине ким кепилдик бере алат? Бул өтө оор маселе. Бул багытта демилге көтөрүлсө да иликтөө болбой, бийлик акырын муну унуттуруп койду.

– Саясат тануучу катары өзүн атап жүргөн Шерадил Бактыгулов деген бирөө сизди: “Кубанычбек Кадыров 2009-жылы Балыкчы шаарындагы массалык баш-аламандыкты уюштурууда активдүү катышкан. Андан соң прокуратурага “мага Марат Бакиев буйрук берген” деп айткан. Аны элдин баары жаш саясатчы деп жатат. Бирок, Кубанычбек мырзанын эч кандай жаштыгы калган жок. Ал эми ич ара келишпестиктин жаралып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Оппозициянын талаптарына эл өтө деле кызыгып жаткан жок. Саясатчылар убактылуу гана оппозициялык биргүүнүн амалын издеп жатат. Эртеңки күнү кайра эле чачырап кетет”,- дептир. Буга карата кандай оюңуз бар?

– Жеке мен мындай саясат таануучуну билбейт экенмин. Азыр эми бийликтин сөзүн сүйлөгөн дужүр эксперттер жамгырдан кийинки козу карындай болуп жайнап кетпедиби. Мына ошолордун биридир… Угушума караганда, бул бала учурунда Бакиевди да жактап, маек берип жүргөн экен. Эми ким билсин… А бирок, Шерадил эр жигит болсо, калп айтканын моюнга алышы керек да, кечирим сурасын. Мени Бакиевдерге байланыштыра алышпайт, канча каалашпасын. Бир аз окшоштуруш керек го. Кайнаса каным кошулбаган кандуу режимге байланыштырганы үчүн Шерадилди сөзүн оңдоп кечирим сурабаса, сотко берем!

– Дагы бир эксперт Токтогул Какчекеев: “Оппозициядагылар баары тең бийликте болгон. Алардын көпчүлүгү мамлекетти талап-тоноодогу саясатка катышкан. Азыркы оппозициянын баары тең депутат, министрлик кызматтарын аркалаган. Демек, бүгүнкү күндөгү кемчиликтерге жана жетишпестиктерге алардын да салымы чоң. Чындыгында азыркы оппозициянын арасында эл үчүн ак эмгек жасаган адам барбы?”- деп айткан. “Ишенген кожом сен болсоң…” дечүдөй болуп калдык окшойт?

– Мындай каралоолорго көнүп деле калдык. Кайсы бийлик турбасын, каршылаштарына карата ушундай ыкма менен күрөш жүргүзөт. Анткени, колдорунда маалымат каражаттары, “кара жащик” турат. Акча кенен, каалаган экспертин алып келип сүйлөтө алат. Азыр оппозицияны мактаган эксперттерге “невыгодно”, биринчиден балээге калат, экинчиден аларга биз акча төлөп бере албайбыз. Мен билгенден чыныгы патриот төрт-беш гана саясат таануучу-эксперт бар. Калганы баары бийликтин буйругун аткарат. Минтип оппозицияга сын айттырып, ар кимди сүйлөткөндөн мурда ошол бийликтеги адамдар өзүн күзгүдөн карап албайбы. Башкасын коюп Атамбаев өзү тазабы? Тиги “Форумду” ким иттен бекер баага менчиктештирип алган? Кайсы бийликтин тушунда болбосун иштеген. Ошол Акаев менен Бакиевден үйрөнгөн үчүн бүгүн алардын ишин улантып жатпайбы… Эми минтип санап олтурсак, сөзүбүз бүтүшү кыйын го.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан. kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: