Menu

Пентагон: ИМ тобуна каршы киберчабуул күчөйт

Бөлүшүү:

АКШ өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун Сириядагы жана Ирактагы бирикмелерине каршы киберчабуулду күчөтөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Эштон Картер билдирди. Анын айтымында, аймакка америкалык күч түзүмдөрүнүн атайын тобу жөнөтүлдү.

Кошмо Штаттардын коргоо мекемесинин жетекчиси ошондой эле экстремисттердин серверлерин иштен чыгарып, жөнөкөйүрөөк технологияга өтүүгө мажбур кылуучу, муну менен аларга тоскоолдук жаратууну жеңилдетүүчү жаңы ыкмалар колдонулуп жатканын билдирди.

– Биз Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен чогуу иштеп жатабыз. Аларга Мосул шаарын курчап туруп колго алууга жардам беребиз, – деди Картер дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында.

Учурда Иракта 200дөй америкалык аскер кызматкери, дагы 50 адам Сирияда иштеп жатат.

Киберчабуул боюнча планды комментарийлеп жатып кечээ Пентагондун штаб башчысы Жозеф Данфорд “Душмандар биз операцияларыбызды качан, каерде жана кантип өткөрүп жатканыбызды билип туруусун калабайбыз” деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: