Menu

Москвада аял күйөөсүн кызгангандыктан кичинекей кыздын башын кесип салган

Бөлүшүү:

Бала багуучу болуп иштеген Бобокулова өзү баккан кызды өлтүрүп, батирди өрттөп, кыздын кесилген башын өзү менен кошо ала кеткен

 Москванын түндүк-батышында 4 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү делген аялдын ким экендиги такталды. Ал Өзбекстандын жараны Гюльчехра Бобокулова болуп чыкты. Бул тууралуу Lenta.ru булагы кабардоодо.

Аял күйөөсү башка аял менен байланышып, көзүнө чөп салган үчүн ушундай ишке барганын айткан. Басылма маалымдагандай, жубайынын бул иши аял өзү бала багуучу болуп иштеген үй-бүлөгө кандай байланышы бар экенин түшүндүрө алган эмес.

Кармалган аял, психотроптук заттардын таасиринде болушу мүмкүн экенин “Интерфакс” булагына укук коргоо органдары кабарлашты. Россиянын тергөө комитети берген маалыматка таянсак, 1977-жылы туулган аялга соттук-психиатриалык экспертиза жүргүзүлөт.

Тергөө берген маалыматка таянсак, бала багуучу болуп иштеген Бобокулова өзү баккан кызды өлтүрүп, батирди өрттөп, кыздын кесилген башын өзү менен кошо ала кеткен.

Аялды бүгүн, 29-февралда Москвадагы “Октябрьское поле” метросундагы станциянын жанында кыздын кан болгон башын көтөрүп алып, өзүн жардыра турганын айтып коркутуп, кыйкырып жатка кезде кармашкан.

Саперлер аялдын жанынан жардыруучу заттарды табышкан жок.Каза тапкан кыздын энеси эсин жоготуп, окуя болгон жерден тез жардам унаасы алып кеткени кабарланууда.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Кабар ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: