Menu

Ош: Текебаевге кошулгандан бери Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы чачырады

Бөлүшүү:

Оштогу «Улуттар биримдиги» партиясы 27-марттагы шаардык кеңешке болгон шайлоого катышпастыгын билдирип, байкот жарыялады. Партиянын саясий кеңеши коомчулукка кайрылуу таратып, анда бийликчил күчтөр шайлоону таза өткөрбөйт деп жазылган. Серепчилер, лидери сыртта жүргөн «Улуттар биримдиги» партиясынын ынтымагы ыдырап, саясаттан чекеге сүрүлүп калды деп белгилешүүдө.
Ош шаарынын мурунку мэри М.Мырзакматов негиздеген «Улуттар биримдиги» саясий партиясы алдыдагы шаар кеңешине болгон шайлоого катышуудан баш тартты. Коомчулукка таратылган кайрылууда «Бүгүнкү күндө өлкөбүз экономикалык, социалдык жана саясий кризиске белчесинен батып, административдик-буйрукчул бийлик, эл күткөн жаңы талаптарга ылайык келбей калгандыгынын далили катары көрүнөт. Ошондуктан акыркы учурда коом деградацияга учурап, бийлик элди уруу-урууга, кокту-колотко, айыл-аймактарга бөлүү саясатын улантып жатат»- деп жазылган. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абжапар Аккулов, шайлоонун таза өтпөй турганын алдын ала билип, ага катышуудан баш тарттык деп билдирүүдө.

-Биздин партияга карата тоскоолдуктар уланууда. Оштогу шайлоочулардын саны жасалма жол менен көбөйтүлүп, кошумча шайлоо участкалардагы 15 миң шайлоочу азыр башка участкага чачыратылып, админстративдик ресурстун пайдалангандыгын көрсөтүп турат. Биз мындай чечимди сыртта жүргөн лидерибиз менен макулдашып кабыл алдык.

2010-жылдагы Ош окуясынан кийин түптөлгөн «Улуттар биримдиги» партиясы 2011-жылдагы Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодо көп добуш алган. Партия көпчүлүк башка партиялар менен коалиция түзүп М.Мырзакматов кайрадан мэр болуп шайланган. Ош шаарынын тургуну Адылбек Батыралиев «Улуттар биримдиги» жаңы түзүлгөн кезде электораты көп эле дейт. Ал учурдагы партиянын абалына карап, убактылуу кызыкчылык үчүн түзүлгөнбү деп да ойлойт. Анын пикиринде, кандай саясий кырдаал болбосун «Улуттар биримдиги» партиясы шайлоого катыша бериш керек болчу.

-Убагында «Улуттар биримдиги» партиясын колдогонбуз. Ал убакта келечеги бар партиядай көрүнчү. Азыр лидери М.Мырзакматов Москвада калганы бул жакта туруп алып шайлоого катышпайбыз деп жатышат. Мен ойлойм катышуу керек, күрөшүү керек. Мындан улам мен ойлоп атам кокустан эле түзүлүп калды окшойт. Партиянын бекем позициясы жок экен.

Серепчи Эркин Абдразаковдун пикиринде, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери М.Мырзакматовго саясий куугунтук башталгандан бери ички ынтымагы ыдырап, партия алсырай баштаган Ал партиянын жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышпай койгонун 4 фактор менен түшүндүрүп берди.
-Биринчиден, булар шайлоого барууга каржы жана саясий ресурсунун жок экенин сезишти. Экинчиден, партиянын саясий кеңеши өз электоратын жоготуп алды. Үчүнчүдөн, бир эле лидерге көп нерсе байланып калган. Ошондуктан лидерсиз булар эч нерсе кыла алышпайт.Төртүнчү фактор, бийликтин бул күчтүү партиянын кайрадан саясий аренага келүүсүн ачык каалабай турганы сезилип турат. Азыр шаардык кеңешке шайланган партиядагы лидерлери эч нерсе колунан келбестигин билип, жаңы күчтөргө таянып, башка партиялар менен шайлоого баратат.

Ош шаардык шайлоо комиссиядан билдиргендей, 15-февралдагы арыз берчү акыркы күнү 13 партиядан арыз келип түшкөн. Буга чейин Ош шаардык кеңешке баруу үчүн «Улуттар биримдиги» партиясы кайсы бир партиялар менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын кабарлаган.

Жаңыланган шайлоо эрежелерине ылайык, партиялар бири – бири менен тандем түзүп шайлоого катыша албайт. Мындан улам учурдагы партиянын депутаттарынын айрымдары «Ата-Мекен» партиясынын тизмесине кирсе, көпчүлүгү «Республика-Ата-Журт» партиясына кошулуп шайлоого аттанышты. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Улуттар биримдиги» партиясы стратегиялык өнөктөш катары «Ата Мекен» саясий партиясы менен шайлоого катышкан болчу. Алар бул жолку жергиликтүү кеңештеги шайлоодо эмне үчүн кайрадан «Ата Мекен ” менен шайлоого барбагандыгын ачыкташкан жок.
Булак: maralfm

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: